"Асман" паркынын жанында заара ушаткан чет элдик жаран кармалды (видео)
Кечээ, 24-ноябрда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы "Асман" паркынын аймагында чет элдик жарандардын коомдук жайда заара ушатып жатканы тартылган видео тарады.
Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 25-ноябрда маалымат берди.
"Текшерүүнүн натыйжасында 1979-жылы туулган З.Ж. аттуу чет элдик жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",- деп билдирди мекеме.
Чет элдик жарандар мыйзам бузду деп айтылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















