Зеленский Венгриянын премьер-министри менен волейбол ойноду (видео)
Кечээ, 24-ноябрда Укриананын Закарпатье облусундагы Берегова шаарында өлкөнүн башчысы Владимир Зеленский менен Венгриянын премьер-министри Петер Мадьяр окуучулар менен биргеликте волейбол ойношту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя венгр тилинде билим берүүчү Лайош Кашут атындагы мектепте болгон. Саясатчылар эки командага бөлүнүп окуучулар менен ойношту.
Оюндан кийин Зеленский социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, Будапештте реванш өткөрүүгө макулдашканын тамаша иретинде жазды.
Белгилей кетсек, сапардын жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт тармактарындагы кызматташтыкты жана Закарпатьедеги венгр диаспорасынын укуктарын талкуулашканы маалым болду.
Украинанын Берегова шаарында Зеленский Венгриянын примьер-министри менен волейбол ойноду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:12
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















