Жол курууда битум тартыштыгы жаралбашы үчүн кандай иштер жасалууда? (видео)
Жол куруу жана оңдоо иштерин битум менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 5 битум базасын модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-2026-жылдары Ысык-Көлдөгү Кыямат-Кыркол, Чүйдөгү Жел-Арык, Таластагы Маймак, Жалал-Абаддагы Шамалды-Сай жана Ош-2 битум базаларын жаңылоо каралган.
Натыйжада алардын жалпы сактоо кубаттуулугу 13 миң 580 тоннадан 33 миң 800 тоннага чейин көбөйөт.
Модернизациялоонун алкагында жаңы буу казандары орнотулуп, кошумча резервуарлар курулат, жылытуу системдери жана технологиялык жабдуулар жаңыланат.
"Өзгөчө Шамалды-Сай битум базасы кеңейтилет. Учурдагы 5 миң тонналык сактоо мүмкүнчүлүгүнө кошумча 10 миң тонналык резервуар курулуп, жалпы кубаттуулугу 15 миң тоннага жетет. Ошондой эле битумду темир жол аркылуу жеткирүү үчүн кошумча инфраструктура каралган",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















