Марлен Маматалиев: "Менде кортеж жок, эки эле машина менен жүрөм" (видео)
Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев Бишкектеги жол тыгындары жана темир жол өтмөктөрүнө байланыштуу маселени көтөрдү.
Депутаттын айтымында, шаардагы темир жолду кесип өткөн 30 жолдун жетөөсүндө гана шлагбаум же көпүрө бар. Эртең менен шаар тургундарынын көбү бир багытка, кечинде карама-каршы багытка каттагандыктан, унаалар учурдагы өтмөктөрдө топтолуп, тыгын жаралууда.
Маматалиев буга чейин өтмөктөрдү көбөйтүү боюнча токтом кабыл алынганын, бирок ал толук аткарылбай жатканын айтты. Анын пикиринде, мүмкүн болушунча 30 жолдун баарында өтүүгө шарт түзүү зарыл.
Ошондой эле ал айрым адамдар бул аймакта мамлекеттик жетекчилердин кортежи өтөт деген себептен жол кыймылы чектелет деп ойлошу мүмкүн экенин белгилеп, мындай пикирди четке какты.
"Президент менен өкмөт өйдө жакта. Ылдый түшпөйт. Ылдый мен эле түшөм. Бирок менде кортеж жок, болгону эки эле машина менен жүрөм. Эртең менен эрте саат 7:30да келип, кеч кетип жатам", — деди Маматалиев.
Марлен Маматалиев: "Менде кортеж жок, эки эле машина менен жүрөм" (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















