Марлен Маматалиев дүйнөлүк биринчиликте медаль уткан каратэчилерди сыйлады
Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев шотокан каратэ-до боюнча дүйнөлүк биринчиликте байгелүү орундарды ээлеген кыргызстандык спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төрага спортчуларды ийгиликтери менен куттуктап, өлкөнүн намысын дүйнөлүк аренада татыктуу коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле спортчуларга 200 миң сомдук сертификат, машыктыруучуларга ыраазычылык каттарын тапшырды.
Дүйнөлүк биринчилик 9-15-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өтүп, ага 47 өлкөдөн 1140 спортчу катышкан. Кыргызстандын намысын 55 спортчу коргогон.
Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов да 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ боюнча коло медаль жеңип алган.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте 11-орунду ээлеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















