super.kg logo

Чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз маалымкат бергендер кармалышты

 

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга медициналык кароодон өткөрбөстөн, акча үчүн маалымкат даярдап бергендер аныкталып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда УКМК билдирди.

Маалым болгондой, жалпы дарыгердик практика борборлорунун биринин кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды медициналык кароодон өткөрбөстөн, акчалай сый акы үчүн №086 формадагы маалымкаттарды мыйзамсыз тариздеп келишкен.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө медициналык мекеменин кызматкери А.А. жана чет өлкөлүк жаран Ш.Д. кармалды.

"Учурда чет өлкөлүк жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Ал эми мыйзамсыз ишке тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө уланууда",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.11.2026. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча учун баарына даяр экенсинер да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: