super.kg logo

Ошто жасалма уруксат кагаздарын берип жүргөнгө шектелип чек арачылар кармалышты

 

Ош облусунда чек ара аймагына кирүү үчүн жарандарга жасалма уруксат кагаздарын даярдап берип, акча алып жүргөн эки аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы айрым кызматкерлери жарандарга чек ара аймагына кирүүгө уруксат берген жасалма документтерди системалуу түрдө даярдап келишкен. Алар бул үчүн 1000 сомдон 4 миң сомго чейин акча алышкан.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында 25-ноябрда Ош чек ара отрядынын Ж.у.Б. жана И.З.М. аттуу эки кызматкери кармалып, камакка алынды..

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык) жана 379-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: