Тойдо жашы жете элек баланы тепкен жигит боюнча териштирүү башталды
Үлпөт тойдо жашы жете элек баланы тепкен жаран боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.Маалым болгондой, окуя Сокулук айылындагы тойканалардын биринде болгон. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, жабыркаган жашы жете элек баланын, анын ата-энесинин жана тепкен жарандын өздүктөрү аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Эскерте кетсек, буга чейин үлпөт тойдо ырдап жаткан жигиттин кичинекей баланы тээп жибергени социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2026-11-26
21:50
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















