Израилде азанга каршы чыккан министр парламент жыйынынан чыгарылды (видео)
Израилдин парламенти мечиттерде азанды үн күчөткүч аркылуу уктурууну чектөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, демилгени улуттук коосуздук министри Итамар Бен-Гвир жана анын партиясындагы саясатчылар жыйын учурунда сунушташкан. Натыйжасында 63 депутат каршы добуш берсе, 45 депутат колдоду. Аны талкуулоо учурунда жаңжал чыгып, министрге жыйын залынан чыгуу буйругу берилди.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда мечиттерге азанды үн күчөткүч аркылуу уктуруу үчүн атайын уруксат алуу талабы каралган. Ошондой эле талапты бузгандарга айып пул салуу жана үн күчөткүчтөрдү конфискациялоо сунушталган.
Израилде азанга каршы чыккан министр жыйындан чыгарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:30
2026-11-26
20:00
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















