Түркияда баңгизат иши боюнча кармалган кино жылдыздары бошотулду
Түркиялык актёр жана ырчы Өзжан Дениз менен актриса Дениз Чакыр убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, "Даңазалуу доордун" актрисасы менен ырчыны 24-ноябрда Стамбулда баңгизатка байланыштуу кармап кетишкен. Алардан кан үлгүсүн алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бүгүн, 25-ноябрда соттук көзөмөл менен бошотулду.
Белгилей кетсек, шектүүлөрдүн арасында булардан тышкары, актриса Буржу Өзберк да бар болгону айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:00
2026-11-25
18:28
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















