Ат-Башыда үйлөрдөн курал-жарак жана илбирстин терисинен жасалган ичик табылды
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бир катар турак жайларда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда курал-жарактар, ок-дарылар жана мыйзамсыз аңчылыкка тиешелүү буюмдар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда 6 даана ок атуучу курал, ар кандай калибрдеги 965 ок-дары жана жаныбарларды кармоого ылайыкталган 4 капкан, сүлөөсүндүн териси, илбирс менен карышкырдын терилеринен жасалган ичик, жапайы жаныбарлардын мүйүздөрү, эликтин 20 даана шыйрагы, жапайы жаныбардын карчыгасы жана 50 балык табылган.
Мындан тышкары, 12 калибрдеги 23 гильза, порох жана коргошундан даярдалган чачылма алынган.
Учурда алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















