super.kg logo

Ошто студенттер көпүрө жоктугунан каналдын үстүнөн түтүк аркылуу өтүүдө (видео)

 

Бүгүн, 26-ноябрда социалдык тармактарда Ошто медицина факультетинин студенттеринин видеосу тарады. Анда студенттер каналдын экинчи бетине ортодогу түтүк аркылуу өтүп жатканын көрүүгө болот.

Автор видеонун алдында "Медицина факультети менен биология факультетинин ортосуна көпүрө салып беришсе" деген жазууну калтырган.

Ош шаардык мэриясынан буга чейин бул жерде чоң көпүрө болгонун, бирок жергиликтүү тургундардан даттануусунан улам алып салышканын билдирди.

"Негизи көпүрө бар болчу, бирок студенттер жеке унааларын токтотуп, тыгын пайда кылгандыктан, жакын жердеги жашоочулардан арыздар келип түшкөндөн кийин алып салганбыз. Мындан тышкары, 300-400 метр ары басса көпүрө бар ошол жактан деле өтсө болот. Бул студенттердин өздөрүнүн жашоосуна кайдыгар караганы, кооптуу түтүктүн үстүнөн өтүшүүдө", - деп жооп беришти мэриядан.






Ошото студенттер көпүрө жок болгондуктан каналдын үстүнөн түтүк аркылуу өтүүгө аргасыз

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: