Мурас-Ордолуктар жаңы автобус каттамын кубануу менен тосуп алышты (видео)
Кечээ, 25-ноябрда Бишкектеги Мурас-Ордо конушу менен Ош базарын байланыштырган №41 автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалым болгондой, жаңы каттамдын алгачкы рейсине чыккан айдоочуну конуштун тургундары кубанышып, сары май ооз тийгизип, таттуулар менен жылуу маанайда тосуп алышты.
"Буга чейин Мурас-Ордо конушуна №43 автобус каттап келген. Ал эми жаңы №41 каттамын "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тейлейт", - деп кошумчалады мекеме.
Мурас-Ордо конушунун жаңы каттамына кубанган тургундар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















