Алайкууда жол курулушун камсыздоо үчүн 3 ангар курулду (видео)
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда атайын техникаларды сактоого арналган үч ангар курулуп, пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ангарлар жолдун 75-, 86- жана 107-чакырымдарында жайгашкан. Эки ангардын узундугу 50 метрди, бирөөнүкү 20 метрди түзөт.
Жаңы курулуштар атайын техникаларды жана жабдууларды аба ырайынын таасиринен коргоого, ошондой эле жол куруу иштерине өз убагында тартууга шарт түзөт.
Алайкууда жол курулушун камсыздоо үчүн 3 ангар курулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:10
2026-11-26
18:19
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















