Токаев: "Жасалма интеллектти жайылтуу Казакстандын артыкчылыктуу багыты болуп саналат"
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев санариптештирүү жана жасалма интеллектти жайылтуу өлкөдөгү реформалардын артыкчылыктуу багыты экенин билдирди. Бул тууралуу ал Москвада өтүп жаткан AI Journey эл аралык конференциясында айтты.
"Мага масштабдуу санариптештирүү жана жасалма интеллектти жайылтуу темасы өзгөчө жакын. Анткени бул багыт биздин реформалар программасында артыкчылыктуу деп жарыяланган", - деди Токаев.
Анын айтымында, Казакстандын жаңы Конституциясында илимди жана инновацияларды өнүктүрүү стратегиялык багыт, ал эми билим жана прогресс мамлекеттин негизги баалуулуктары катары белгиленген.
Белгилей кетсек, AI Journey эл аралык конференциясы 26-28-ноябрь күндөрү Москвада өтүүдө. Анын алкагында катышуучулар жасалма интеллекттин экономикага жана коомго тийгизген таасирин, илимий ачылыштардын жана технологиялык инновациялардын келечегин талкуулашат.
Аталган конференция 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















