"Кол коюу – добуш берүү эмес..." Туманбаев жарандарды кол топтоо жараянына катышууга чакырды
Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кечээ, 26-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, жарандарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараянына активдүү катышууга чакырды.
Ал өзгөчө Президенттин Иш башкармалыгынын жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлерине кайрылып, бул процесске ыктыярдуу катышууга үндөдү.
"Кол коюу – добуш берүү эмес, бул талапкерлерди каттоонун бир этабы. Ар бир жаран бир нече талапкерди колдой алат",– деп белгиледи Каныбек Туманбаев.
Ошондой эле ал президенттик шайлоонун өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы маанилүү окуя экенин белгилеп, жарандарды шайлоо процессине кайдыгер карабоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















