Бактыбек Калмаматов да 30 миң кол топтогондордун катарына кошулду
Бүгүн, 27-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Бактыбек Калмаматов "Түндүк" тиркемеси аркылуу 30 миң 18 шайлоочунун кол тамгасын топтоду. Муну менен ал талапкер катары расмий катталуу үчүн зарыл болгон этаптан өттү.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы сааттагы маалыматтарга ылайык, президенттикке талапкерлигин көрсөткөн башка жарандардын кол топтоо көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Азамат Эсенбеков - 26 171;
Акай Кыдыров - 23 263;
Бакытбек Адылов - 21 099;
Амур Айба Медер - 11 742;
Мамбетжунус Абылов - 11 710.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлигин көрсөткөн ар бир жаран расмий каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултууга тийиш.
Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов, Исхак Масалиев жана Клара Сооронкулова да талап кылынган сандагы кол тамгаларды топтошту.
Кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Ал эми Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















