super.kg logo

Бишкекте жарандын үйүн саттырып, 3,8 миллион сом зыян келтиргендер кармалышты

 

Бишкек шаарында 3,8 миллион сомдон ашык суммадагы алдамчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 25-июнунда белгисиз адамдар жабырлануучуга WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин, УКМКнын жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышкан.

Шектүүлөр ага "жашыруун операция" жүрүп жатканын айтып, 238 миң 970 сом насыя алууга жана акчаны өздөрү көрсөткөн реквизиттерге которууга, ошондой эле өзүнө таандык турак жайды төмөн баада сатууга көндүрүшкөн. Натыйжада жабырлануучуга жалпы 3 миллион 810 миң 470 сом материалдык зыян келтирилди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 жана 23 жаштагы шектүүлөр кармалышты. Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: