"Өмүр баянын сураган жокпуз". Жумабеков министрдин орун басарына кайрылды (видео)
Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобунун жыйынында депутат Дастан Жумабеков Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбековага берилген суроого гана жооп берүүнү эскертти.
"Кечиресиз, сизге түз суроо берилди. Сураныч, ошол суроонун алкагында эле жооп бериңиз. Экинчиден, сизден Гүлай Эгемназарованын өмүр баянын айтып берүүнү суранган жокпуз. Кечиресиз, темадан алыс чыкпаңыз. Ушуну эске алып койсоңуздар", — деди Жумабеков.
Белгилей кетсек, бүгүн жыйында Агартуу министрлиги жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан жалпы республикалык тестирлөөнү сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
"Өмүр баянын айтып бер деп сураган жокпуз". Жумабеков министрдин орун басарына эскертти (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:02
2026-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















