super.kg logo

Ошто 16 үй-бүлө жаңы үйлүү болду (видео)

 

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жолду кеңейтүүгө байланыштуу үйлөрү бузулган тургундарга Энесай конушунда салынган 16 үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, жолдун бул бөлүгү 24 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү болуп салынды, 1,5 чакырымга асфальт төшөлдү. Реконструкциянын алкагында жаңы канализация тармагы тартылып, тиешелүү инженердик-коммуникациялык түтүктөр өткөрүлдү.

Мындан тышкары, айланасына 330 түп павловния жана каштан көчөттөрү отургузулганы маалым болду

Учурда долбоордун экинчи этабы ишке ашырылууда. Жолдун калган бөлүгүнүн жалпы узундугу 3 чакырымдан ашып, курулуш иштери болжол менен эки айдын ичинде аяктары айтылды.







Ошто 16 үй-бүлө жаңы үйлүү болду

Ошто 16 үй-бүлө жаңы үйлүү болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: