super.kg logo

Кыргызстан адал продукциянын экспортун кеңейтүүнү көздөйт

 

Кыргызстан адал продукциясын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рыногуна чыгаруу багытында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Стамбулда өтүп жаткан "Halal Expo – 2026" көргөзмөсүнүн алкагында Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту (SMIIC) жана Сауд Арабиясынын Elm компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол койду.

Келишимдер адал индустриясын санариптештирүүгө, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана кыргыз продукциясын Перс булуңундагы өлкөлөрдүн премиум рынокторуна экспорттоого багытталган.

Ошондой эле Түркиянын стандартташтыруу жана адал аккредитациялоо органдары менен жолугушуулар өтүп, адистерди даярдоо жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды.

Көргөзмөдө Кыргызстандын "Тойбосс", "Алайку Органикс", "Салих ЛТД", "Шоро" жана "Дары Тянь-Шаня" компанияларынын продукциялары сунушталууда.

Иш-чарага 25 өлкөдөн 225тен ашык компания, уюм жана мамлекеттик орган катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: