Петровкадагы кирпич заводу түтүндөн улам айыпка жыгылды
Москва районунун Петровка айылында кирпич заводунан коюу кара түтүн чыгып жатканы тартылган видео социалдык тармактарда тараган. Видеодогу көрүнүш коомчулуктун көңүлүн буруп, буга байланыштуу Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө №8 түзөтүү мекемесинин аймагында "Келечек" мамлекеттик ишканасы менен "Асман Кирпич" жоопкерчилиги чектелген коомунун катышуусунда кирпич заводунун курулушу жүрүп жатканы аныкталды.
Ишкананын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, мешти сыноо учурунда фильтрация системасын жөнгө салуу иштери толук аяктай электе болжол менен 20 мүнөт кара түтүн чыккан. Жабдуулар жөнгө салынгандан кийин түтүн токтогон.
Аталган факты боюнча "Асман Кирпич" жоопкерчилиги чектелген коомуна административдик чара көрүлүп, 28 миң сом айып пул салынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















