Бишкекте мас абалындагы айдоочу 8 унааны сүздү (видео)
Бишкекте мас абалындагы айдоочу катышкан жол кырсыгынан 8 автоунаа жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 28-ноябрда саат 00:20 чамасында Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны 22 жаштагы жигит башкарып бара жаткан.
Текшерүү учурунда айдоочу быйыл 11-майда Ленин райондук сотунун чечими менен бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылганы аныкталды. Бирок ал мас абалында кайрадан рулга отуруп, Kia K5, Hyundai Sonata, Toyota Levin, Daewoo Labo, Mazda Demio, Toyota Camry жана BMW үлгүсүндөгү унааларын сүздү.
Жыйынтыгында жалпы 8 автоунаа зыянга учурады. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Учурда окуя боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте мас абалындагы айдоочу 8 унааны сүздү (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















