Манаста кыздын себин карызга алып, таптырбай кеткен шектүүлөр кармалышты
Манас шаарында алдамчылыкка шектелген эки аял кармалды. Алар кыз узатуу тоюн өткөрүп жатышканын айтып, кыз себине керектүү буюмдарды карызга алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-сентябрында шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, мурда тааныш эмес эки аял кыз узатып жатышкандыгын айтып, ишенимине кирип, жалпы баасы 95 миң 300 сомдук буюмдарды алышкан. Алар акчасын 4 күндүн ичинде төлөп берүүнү убада кылышкан. Бирок кийин байланышка чыкпай, жашырынып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган А.А. жана Ч.Т. аттуу аялдар 27-ноябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары, аларга карата ушундай эле алдамчылык фактылары боюнча дагы 4 кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















