Бишкекте Васильев жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду (видео)
Бүгүн, 29-ноябрда саат 12:00 чамасында Бишкек шаарындагы Васильев жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу видео жарыялап, аталган кесилиште жол кырсыктары көп катталып жатканын билдирген.
Анын айтымында, акыркы бир айда бул жерде 10дон ашык жол кырсыгы болгон. Тургун айдоочулар жол белгилерине көңүл бурбай жатканын белгилеп, кырсыктардын алдын алуу үчүн кесилишке ылдамдыкты азайтуучу жасалма дөңсөө орнотууну сунуштаган.
"Жол жаңыдан оңдолгон. Ошого ылдамдыкты азайтуучу дөңсөө койсо жакшы болобу? Бул маселени ким көзөмөлгө алат?" — деп суроо салган ал.
Азырынча жол кырсыгынын жагдайлары жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.
Бишкекте Васильев жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















