super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев 7-Апрелде курман болгондордун эстелигине гүл койду

 

Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, 4 жыл мурда болгон Элдик апрель революциясынын баатырларын эскерди.

Элдик апрель революциясынын 4 жылдыгына арналган гүлчамбар коюу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, «Ала-Тоо» аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, КР мамлекеттик башка органдарынын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аза күтүү убактысынан кийин карабиндерден үч жолу залп атылып, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду. Расмий аземден кийин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү маркумдарга багышталган куран окуду.

Элдик апрель революциясынын күнү - 2010-жылдын 7-апрелинин 4 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргызстандын башка шаарларында жана райондорунда да өткөрүлөт.






2014-жыл, 7-апрель. "Ала-Тоо" аянтында Элдик революцияда курман болгондорго куран окулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: