Алмазбек Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 7-Апрель окуясында курман болгондорду эскерди



Бүгүн, 7-апрелде президент Алмазбек Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын 4 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, монументалдык тактага гүлчамбар койду.
Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, депутаттар, министрлер, аталган окуяда көз жумган баатырлардын туугандары жана башкалар катышты. Келечек үчүн өмүрүн берген азаматтар үчүн куран окулду.
"Ата-Бейитте" 7-апрелде каза болгондорго куран окулду
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

