super.kg logo
  Спорт  

Картинг спорту боюнча Кыргызстандын Ачык чемпиондугунда Шумахерди кумир туткан Улукбек Байзаков жеңүүчү аталды (фоторепортаж)

 
Мелдештин ачылышынан бир көз ирмем.
Старт алдында
"Мини" классындагы спортчу атаандаштарына көз жүгүртүп жатат.
Трасса. 0.50 көлөмдүү унаа менен Байзаков 0.80 көлөмдүү унаалардан калбай келе жатат.
Картингдин күйөрманы, 5 жаштагы Лёша өзүнүн унаасы менен.
Бул дөңгөлөктөрдүн бир комплектиси 250 евро турат. Италиядан келүүчү бул дөңгөлөктөр эки жарышка гана жарап берет.
Тыныгууларда чемпион минтип дем алат.
Улукбек Байзаков: "Мен чемпионмун!"
Улукбек кантип ашып өткөндүгүн атасына айтып берүүдө.
Айрым спортчулар спорттук шлемдин үстүнө видеокамера орнотуп алышкан.
Таймаш үстүндө.
Мына бул жарылган дөңгөлөк менен Улукбек 2-орунду багынтты.
Байгелер жеңүүчүлөрдү күтүүдө.
Мелдеш КРнын Гимни менен башталды.
"Мини" классындагы жаш спортчулар старт алдында.

Бүгүн, 27-апрелде Токмок шаарынын аскердик аэродромунда Кыргызстандын картинг спорту боюнча Ачык чемпиондугу болуп өттү. Ага Кыргызстандын жана коңшу Казакстан мамлекетинин Алматы жана Караганда шаарларынан келген командалар катышты. Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы бүгүн чыгарылды. Биринчи күнү спортчулар трасса менен таанышышса, экинчи күнү биринчилик үчүн ат салышышты.

Мелдештеги Улукбек Байзаков аттуу кыргыз спортчусун өзгөчө бөлүп карай кетсек болот. Быйыл 11 жашка толгон Улукбек аталган мелдеште 2 категорияда чемпиондукту талашты. "Мини" классындагы категорияда жөнөкөй мини моторлуу, стандарттык 0.60 көлөмдүү унаа менен супер мини моторлуу унаалардын арасында жүрүп 1-орунду камсыз кылды. 

Ал эми "Пионер Ракет" классындагы категорияда 0.50 көлөмдүү унаасы менен 0.80 көлөмдүү унаалардын арасында жарышып, бир айлампасында унаасы бузулуп калганына байланыштуу катышкан жок. Бирок катышкан 2 айлампасынын жыйынтыгы менен 2-орунду илип кетти. Айта кетчү жагдай, катышкан 2 айлампанын биринде Улукбектин унаасынын бир дөңгөлөгү жарылып калса да, алдынкы болуп келди.

“Башкалар түз жерден менден ашышат. Себеби менин унаамдын моторунун көлөмү алардыкынан алда канча азыраак. Бирок бурулуштарга келгенде мен алардан ылдамыраак өтүп кетем. Көп учурда бурулуштардан ашам”,- деди Улукбек Байзаков ийгилигинин сыры менен бөлүшүп. 

"Картингден, буюрса, "Формула-1ге" өтөм. Менин кумирим - Шумахер",- деп кошумчалай кетти чемпион.

Белгилей кетчү жагдай, Улукбек картинг боюнча Азиянын чемпиону. Бул спортчубузга казак туугандардан байма-бай сунуштар түшүп жаткандыгы айтылууда.

Мелдештин жыйынтыгында бардык категорияларда 1-орунга жалаң кыргыз спортчулары илингени белгилүү болду. Алар:

"Мини" классындагы категорияда - Улукбек Байзаков

"Интер А Юниор" классындагы категорияда - Герман Клевцов 

"Пионер Ракет" классындагы категорияда - Кирилл Гаврилов 

"КZ 2" классындагы категорияда - Олег Калугин 






"Картингден "Формула-1ге" өтөм" дейт Улукбек Байзаков

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
27.04.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын! Кырыздын намысын коргоп,атагын алыска чыгарган,желегин бийик желбиреткен уул-кыздарыбызга данк!!! Ар дайым ийгиликтин гана устундо журолу
27.04.2014. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик
29.04.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец! бала келечекте Шумахерден да отосун
SUPER.KG видео
29.04.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Улукбек
SUPER.KG видео
29.04.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу кичинекей болсо да чон ийгиликтерди багынткан азамат жигит экен. Оркунун оссун.
SUPER.KG видео
30.04.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик жана ден солук
SUPER.KG видео
30.04.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
коз тийбесин ыймандуу инсан бол, ата энени сыйлаган, элине кызмат кылган жигиттерден бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: