super.kg logo

Арча-Бешикте суу токтотулгандыктан, кош бойлуу келиндер жана жаш балдар чакалап суу ташышууда (фоторепортаж)

 
Арча-Бешиктин Он-Арча жана Көк-Дөбө көчөлөрүндө жыл сайын жай мезгилинде иче турган суу өчүп турат экен. Ошондуктан тургундар коңшу көчөлөрдөн суу алып келишет.
Арча-Бешик конушуна барганда келиндер жана жаш балдар желим бөтөлкөлөр, чакалар менен суу ташып жүргөндүгүн байкадык. Алардын арасында кош бойлуу келин да жүрдү.
Арча-Бешик конушуна барганда келиндер желим бөтөлкөлөр, чакалар менен суу ташып жүргөндүгүн байкадык. Алардын арасында боюнда бар келин да жүрдү.
Арча-Бешик конушундагы сугат суу өтүүчү арык кургак бойдон турат.
Арча-Бешик конушундагы сугат суу өтүүчү арык кургак бойдон турат.
Арча-Бешик конушундагы сугат суу өтүүчү арык
Арча-Бешик конушундагы сугат суу өтүүчү арык
Арча-Бешик конушундагы сугат суу өтүүчү арык
Арча-Бешик конушундагы сугат суу өтүүчү арык
Суусуз калган 75-кварталдын башчысы Таалай Балыкчиев бир гана иче турган суу эмес, сугат суу да келбей калганын айтты. Анын билдиришинче, өйдө жакта жашаган тургундар иче турган сууну огороддоруна пайдаланышып, анын кварталындагы үйлөргө суу жетпей калууда.
76 жаштагы Жумакан Маматказиеванын айтымында, аталган конуштун Он-Арча жана Көк-Дөбө көчөлөрүндөгү 70 чакты үйдөн турган кварталында акыркы үч жыл ичинде жай сайын иче турган суу өчүп турат. "Суу жок абдан кыйналып кеттик. Айласыздан аркы көчөдөн же шаарга унаа менен барып суу ташып келебиз",- дейт ал.
"Иче турган суу маселеси боюнча бардык тиешелүү түзүмдөргө кайрылганбыз. Жакында оңдоп-түзөө кызматынын кызматкерлери келип текшерүүлөрдү жүргүзүп, "өз каражатыңар менен суу бар үйлөрдөн суу түтүктөрүн улап алгыла" деп кетип калышкан",- деди квартал башчысы Таалайбек Балыкчиев.
Арча-Бешик конушунда көп жылдан бери жашаган Жаныбек Иманов "Бишкек суу каналы" ишканасына иче турган суу маселесин чечүүгө суу түтүктөрүн мыйзамдаштырууну сунуштады. "Биздин кварталыбызга келген суу түтүктөрү аталган ишкананын картасында барбы же жокпу, бизге белгисиз болууда. "Бишкек суу каналы" ишканасынын кызматкерлери келип текшерип, ушуну билдирип кетсе болмок" деген пикири менен бөлүштү тургун.
Арча-Бешиктеги турак үйлөрдүн биринде...

Кечээ, 8-июлда кечке жуук SUPER.KG порталынын кабарчылары Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушуна барып, иче турган жана сугат суу маселеси боюнча кабардар болуп келишти.

Биз конушка киргенде эле келиндер жана жаш балдар бөтөлкөлөр, чакалар менен суу ташып жүргөндүгүн байкадык. Алардын арасында кош бойлуу келин да бар. Мындан тышкары сугат суу өтүүчү арыктын кургап калганына да көңүл бурдук.

Журналисттик жабдууларыбызды көргөн жергиликтүү тургундар “силер, журналисттер, суу маселеси боюнча келдиңер окшойт” деп биз менен маек кура башташты.

76 жаштагы Жумакан Маматказиеванын айтымында, аталган конуштун Он-Арча жана Көк-Дөбө көчөлөрүндөгү 70 чакты үйдөн турган кварталында акыркы үч жыл ичинде жай сайын иче турган суу токтоп калат. "Суу жок абдан кыйналып кеттик. Айласыздан аркы көчөдөн же шаарга унаа менен барып суу ташып келебиз",- деди ал.

Суусуз калган кварталдын башчысы Таалай Балыкчиев бир гана иче турган суу эмес, сугат суу келбей жатканын айтты. Анын билдиришинче, өйдө жакта жашаган тургундар иче турган сууну огороддоруна пайдаланышып, анын кварталындагы үйлөргө суу жетпей калууда. "Иче турган суу маселеси боюнча бардык тиешелүү түзүмдөргө кайрылганбыз. Жакында оңдоп-түзөө кызматынын кызматкерлери келип текшерүүлөрдү жүргүзүп, "өз каражатыңар менен суу бар үйлөрдөн суу түтүктөрүн улап алгыла" деп кетип калышкан",- деди квартал башчысы.

Мындан тышкары ал суу ташуучу унаа келип, иче турган суу менен камсыздап жүргөнүнө да токтолду. "Былтыр жумасына 2-3 келчү. Жай айы башталгандан бери болгону эки жолу келиптир. Бирок качан келери белгисиз болуп, келгенде тургундар үйдө жок болуп калууда. Кечке маал келгенде туура болмок",- деп кошумчалады Балыкчиев.

Арча-Бешик конушунда көп жылдан бери жашаган Жаныбек Иманов "Бишкек суу каналы" ишканасына иче турган суу маселесин чечүүгө суу түтүктөрүн мыйзамдаштырууну сунуштады. "Биздин кварталыбызга келген суу түтүктөрү аталган ишкананын картасында барбы же жокпу, бизге белгисиз болууда. "Бишкек суу каналы" ишканасынын кызматкерлери келип текшерип, ушуну билдирип кетсе болмок",- деген пикири менен бөлүштү тургун.






Суусуз кыйналган Арча-Бешиктин тургундары

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азим Малиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
09.07.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
XXI кылым
09.07.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен бул райондо жашап жүргөндө сууга очередьке турчубуз...
09.07.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев куурататурган болдуго
09.07.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев давно куураткан
09.07.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай маселени жергиликтүү бийлик эле чечип койсо болот да, колдон келчү нерсе го. Эл аралык деңгээлдеги, глобалдуу маселеби? Эми ушуга да Атамбаев кийлигишиши керекпи?
Мэри түзөттү 09.07.2014 18:27
09.07.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев эмес давно эле кураган
SUPER.KG видео
10.07.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акордодо деле жайы бою суу жок коп жылдан бери эле конуп калдык машинасы барлар шаардан алып барабыз а машинасы жокторчу...
SUPER.KG видео
10.07.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мамлекетте эч нерсе жок дешет,эмнеге анда ак уйдо иштеп жаткандардын баарынын уйлору,машиналары 1ден да эмес бир нечеден.ошол оздоруно жеп жатышат мамлекеттин капчыгынан,карапайым элге келгенде болсо эч нерсе жок деген шылтоону гана айтышат.озубуздо суу коп коншу озбекстанга саткандан коро элге жеткирип берше жакшы болот беле.кок-жарды да айта кетишсе болмок,ал жакта да жаз келгенден баштап суу жок.
SUPER.KG видео
10.07.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
байкемдикине арча бешике барсам суусу агат но суусу чыкпай свет кундо очуп жаткандыгын коруп келдим бул бийлик эмне кылып жатат тушунбойм кыйратабыз эле дешет
SUPER.KG видео
11.07.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондор чондор эмес жеп ичкен ххх!
Модератор admin_superstan түзөттү 11.07.2014 18:37
SUPER.KG видео
23.07.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan onykpoi ele naoborot artka baratat!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: