super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов “Республика” менен “Ата Журттун” биригиши боюнча: “Биздин максат – Кыргызстандагы азыркы башкаруу системин бузуу”

 

“Республика” жана “Ата Журт” партияларынын биригишинин башкы максаты – Кыргызстандагы азыркы башкаруу системин бузуу”,- деди Өмүрбек Бабанов. Муну Бабанов 20-октябрда Бишкекте өтүп жаткан аталган партиялардын бириккен курултайында билдирди. “Республиканын” лидери Ташиев менен биригишинин себептерин атады. 

“Келечек, балдарыбыз үчүн биригип жатабыз. Эптеп депутат же министр болуу биздин максатыбыз эмес. Мандат алууну же тууганын министр кылгысы келгендер биздин катарыбызда болбошу керек. Максатыбыз - бардык тармакта кардиналдуу реформаларды жасоо, Кыргызстанды алдынкы 5 өлкөнүн катарына кошуу жана азыркы башкаруу системин бузуу. Азыр башкарууда жоопкерсиздик, бир арабаны ар ким ар кайсы жакка тарткандай болууда. Азыркы энергетикалык кырдаалга бир депутат кечирим сурадыбы, жок. Ким чечим кабыл алса, тармакка ошол жооп бергидей болушу керек. Өкмөт реформа жүргүзүп, олуттуу кадамдарды жасай албай жатат.

Башкаруу системин алмаштырбасак болбойт. "Эмне үчүн өзү министр болуп турганда ушуларды айткан эмес?" дегендер болушу мүмкүн. Айтып коюшум керек, “эч болбосо кеч болсун” деген сөз бар. Бүгүнкү системдин келечеги жок, конституциялык реформага барышыбыз шарт. Бүгүнкү Конституция өз миссиясын аткарып бүттү. Биз башкаруунун эки формасын сунушташыбыз керек: парламенттик башкарууну тандасак, анда Германияны алалы. Премьер-министр ички-тышкы саясатты жүргүзөт. Президенттин таасири болбойт. Эгер президенттик башкарууну тандасак, анда Американын моделин алалы. Жоопкерчилик президенттин моюнунда, премьер-министр болбойт”,- деди Бабанов.  


кошулду





Бабанов менен Ташиевдин партиялары бирикти

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: