Оор абалда жаткан 2 жаштагы баланы апасы төрөгөндөн кийин эле таштап кеткен

Борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасына түшкөн 2 жаштагы баланы апасы төрөгөндөн кийин эле таштап кеткен. Баланын ата-энеси ажырашканда атасы уулун карап калган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда SUPER.KG порталына баланын туугандары билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Белгилүү болгондой, наристенин атасы, 1973-жылы туулган Т.Н. өткөн жылдын ноябрь айында дааватка кетер алдында 1968-жылы туулган Т.Ж. аттуу аталаш агасынан уулун карап турууну суранган.
Т.Ж. баланын атасына телефон чалып, уулунун кулап түшкөнүн жана жаракат алганын айткан. Бала оор абалда ооруканага жеткирилген.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.
2 жашар бала чын эле зордукталганбы?
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Балакай батыраак сакайып кетсин Иншаалах!
Саламатсыздарбы! Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтүңүздөр.