Оор абалда жаткан 2 жаштагы баланы апасы төрөгөндөн кийин эле таштап кеткен

Борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасына түшкөн 2 жаштагы баланы апасы төрөгөндөн кийин эле таштап кеткен. Баланын ата-энеси ажырашканда атасы уулун карап калган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда SUPER.KG порталына баланын туугандары билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Белгилүү болгондой, наристенин атасы, 1973-жылы туулган Т.Н. өткөн жылдын ноябрь айында дааватка кетер алдында 1968-жылы туулган Т.Ж. аттуу аталаш агасынан уулун карап турууну суранган.
Т.Ж. баланын атасына телефон чалып, уулунун кулап түшкөнүн жана жаракат алганын айткан. Бала оор абалда ооруканага жеткирилген.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.
2 жашар бала чын эле зордукталганбы?
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Кылымышкерлердин суроттору мн аты жонун толук чыгаргылачы сураныч чтобы туугандары да уят болушат колдон келсе ошо туугандары бычып туруп откоруп беришсин элге.
Балакайга кудайдан сураанаарым тез айыгып кетсинчи эч бир бала кор болбосунчу наристелер эн алсыз жандар го кудайдан суранам
Тепкичтен кулап кетти деген стандарт шылтоо да. Андыктан баланын кочугуно кандайча жаракат болмок эле.
Атасы даватты койуп баласын караса болмок экен
Оз уй булосунун, озунун маселесин чече албай кимдин маселесин чечип кыйратат дейм да . Чала молдо дин бузар болбой.