"Туугандыкты аныктоочу анализде ымыркайдын алмаштырылбагандыгы далилденсе, биз аларды сотко беребиз" дейт төрөт үйүнүн башчысы



"Эгер ымыркай алмаштырылбагандыгын экспертиза далилдесе, биз наристенин ата-энесин сотко беребиз". Бул тууралуу бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында №4-төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекова билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
"Азыр биздин төрөт үйдүн жетекчилиги өз каражатына сунуштаган ДНК анализин өткөрүүдөн ымыркайдын ата-энеси баш тартты. Эгер алар өздөрү анализден өткөртүшпөсө, биз аны сот аркылуу өткөрүүсүн талап кылабыз. Ал анализде ымыркай кыз алардын баласы экени сөзсүз далилденет. Ошонун жыйынтыгы менен биз сотко кайрылабыз. Ал үчүн учурда төрөт үйүбүздүн юристи менен даярдык көрүп жатабыз",- деди Б.Алмазбекова.
Жаңы төрөлгөн уул кыз балага алмаштырылганбы?
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Саламатсызбы! Интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды, жакшы эле көрсөтүп жатат.
Ошон учун чет жакта торогон онойго дейм,
Ачыка чыгышын кутобуз Кыргызстанда врачтар не кылып иштегенин