Асанбек Алымкожоев: "Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өтчү парадга катыша турган Орусиянын техникасы келе элек"
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдануу пландары аткарылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев билдирди.
Анын айтымында, иш-чараларды каржылоо маселеси Каржы министрлиги жана Коргоо министрлиги аркылуу чечилген. "Бирок азыркы учурда чечиле элек маселелер да бар: Орусиядан алынып келе турган техникалар келе элек. Орусия техникаларды 9-майга чейин жеткирерин айткан. Бирок техникалар келсе да, келбесе да аскердик парадды өткөрөбүз",- деди Алымкожоев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2026-11-14
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















