|
Сөзү : Т. Казаковдуку
Обону : Т. Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төккөн,
Ошол күнүм кайда кеткен?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскерербиз,
Алгач сүйүү унутулбай.
Кайырма:
Асман көктө чалкыган, жериң сонун Ала –Тоо,
Ата-журтуу акылман, элиң сонун Ала –Тоо.
Аркар, кулжа жайнаган, төрүң сонун Ала –Тоо,
Ак-куу сүзүп калкыган, көлүң сонун Ала –Тоо.
Эркин кыргыз элине, энчи болгон Ала –Тоо,
Эгемендүү жерине, кечи болгон Ала –Тоо.
Каркырадай жебесин созо жүрөт Ала –Тоо,
Кайда жүрсөм элесиң, кошо жүрөт Ала –Тоо.
Түркүн гүлү жайнаган, түрүң сонун саймадан,
Гүл зарыңда түрдүү куш, күн, түн тынбай сайраган.
Карегимди толтуруп карай берем кайрадан,
Кагылайын Ала –Тоо, караныңдан айланам.
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ах сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызын көктөн каратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Айтылган сөзгө турбаган
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.
Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
Сөзү : Ж. Мамытовдуку
Обону : К. Рыскуловдуку
Сүй журтуңду, сүй жериңби, жарыңды,
Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды.
Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү,
Кыяматта калк унутпайт аныңды.
Адам пенде акын болбо ашынган
Акмак болбо адалдыкка таш урба
Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп
Ажал деген кылыч турат башыңда
Найзалашмай, кылычташмай жок заман
Пейли кенен, кийими бүтүн ток заман
Ой энеден найза жасап, бирок дейм
Кырчылдашын токтотпогон шок заман
Ойлой берсең ооруу менен ажалды
Алып тынат ал күчүңдү, мазаңды
Андан көрө келээр кечтин камын көр
Тамак астыр, боркулдатып казанды
Соогунбасын семиз менен арык да
Күндун-түндүн айырмасы жарыкта
Кимге тансык түн уйкуңдун ширини
Күндүз кылган ишин калат тарыхта
Ойдогуңду элдер менен бөлүшкүн
Чын төгүнүн сынга салып көрүшсүн
Баарың жаман мен жакшымын дебегин
Жалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн,
Арак деген айлап, жылдап акырын
Алып тынат акылмандын акылын
Дал ошондон ичпейт аны акылман
Не жүйөөңө сен ичесиң жакыным
Бирөө жүрөт таппай суусун ичээрге
Бирөө кечүү таппай жүрөт кечээрге
Мунун баары тизгин каккан жолоочу
Оо тирүүлүк сенин жалгыз көчөңдө
Эсен-аман эс тарттырып урпакты
Өтсөк экен ыйык сезип турпакты
Океандар тың шарпылдап турса экен
Чайпалбайт, чайпабайлы кургакты
Көзөлдөрдүн көрүп шалпар көйнөгүң
Муну эстедим баарын коюп өнгөнүн
Кырк баригин кырк күнү жеп жибек курт
Сулууларга жибек чубап өлгөнүн
А бул дүйнөң ажайып бир керемет
Убакыттын калбырынан эленет
Биз тирүүлөр чек арасы болобуз
Сансыз элдин өткөн жана келе элек
Адам пенде дасторконуң жайгын да
Пейилиң төк бирок мунуң айрым да
Үлпөтүңдө отургандын баарысы
Келип бербейт катаал күндө, кайгың да
Адам пенде өжөрсүң да, кежирсиң
Билим ойсуң көк катылган сезимсиң
Аары менен кумурскадан кийинки
Табигаттын мээнеткечи өзүңсүң.
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң,
Кадала түштү оттой карегим.
Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби,
Багып алгын деп сүйүү дарагын.
Сезим жанарым, селдей агарым,
Сезим көлүнө чөгүп барамын.
Сагынган кезде санап кадамың,
Санаага түшсөң кайдан табамын?
Кабарың мага айтчы, карагым,
Кусалык кысса кайдан табамын?
Кучагым жазып тосуп аларым.
Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө,
Тунук сырларым толуп ичимде.
Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп,
Көчө кеземин элдин ичинде.
Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Оюмдан чыкпайт ошол саламың,
Оозун тырмадың бүткөн жаранын.
Жарк эткен таңдан жалтана түштүң,
Жалынга толо сезим жанарым.
Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Жаз гүлүндөй жаан жааса билинбеген,
Жалбырактай жел жүрсө дирилдеген.
Таң каларлык жан экенсиң, табышмактуу,
Тайыздыгың сыртыңдан эч билинбеген.
Булут сымал бир конуп-көчүп турган,
Шам чырактай бир жанып-өчүп турган.
Ага албаган шаркырап бир нук менен,
Арыктагы суу белең сен ар ким бурган?
Ишенипмин бал тамган сөздөрүңө,
Ирмеп-ирмеп жаш тамган көздөрүңө.
Ичим күйүп, ийиктей имерилем,
Ийип кеттиң башкага сен көз көрүнө.
Кетип калдың башкага сен,
Көз көрүнө...
Зар болдум бир жарк этип карашыңа,
Чырмалдым сүйүүнүн сарсанаасына.
Сезимди козгоп коюп ошол таңда,
Сен кеттиң жылдыздардын арасына.
Жыя албай ошол таңда мен эсимди,
Көрсөм деп издеп келем элесиңди.
Алтыным, ак таңдардан тосоюнчу,
А балким, ак куу болуп келесиңби?
Кайдасың, өмүрдөгү алтын чырак?
Кайдасың, өмүрдөгү алтын бубак?
Адашкан энесинен чаарчыктай,
Мен сени издеп келем жалгызсырап.
Алтыным, асыл жарым, сүйгөн жарым,
Жүрөктү дүрт эткизген жашыл жалын.
Сүйбөсөң бул дүйнөдө не жаралдың?
Чолпондой көздөрүңдөн кагылайын.
Карагаттай көздөрүңдөн ананайын...
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Мага жар керек,
Өзөктү жалгай турган,
Жогумду камдай турган.
Тагдырым татаал жолдо,
Тар болсо тайбай турган.
Мага жар керек,
Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган.
Аялдык көрсөтсөм да,
Ар дайым бийик турган.
Мага жар керек,
От болуп жалындаган,
Кеп айтсам таарынбаган.
Жагымсыз адаттардын,
Артынан салынбаган.
Мага жар керек,
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган.
Алыс бол деп айтмакмын,
Узун тил, ушактардан.
Мага жар керек,
Ыраак болуп кара жерден,
Ырыскы ала келген.
Ынтымак өмүр сүрүп,
Ыймандуу бала берген.
Мага жар керек,
Деп көңүл оолуктурду.
Купулум толуптурмун.
Жүрөктөн көксөгөндү,
Акыры жолуктурдум.
Сөзү : Ж.Алымовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жанат балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп-күлүп, көпкө жүрдүк, жаркыдык,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу,
Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу.
Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
Ичинен муң черткени аянычтуу.
Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
Тааныштык кокусунан, жай сурашып.
Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо,
Каларбыз да бир жерде учурашып?..
Болуптур, жигит, шагың сындырбайын,
Анчалык сурап калдың, атым Айым.
Түшүнгүң келип турса дагы терең,
Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
Ким менен шайтан басып, тааныштым деп,
Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп.
Канчалык сыр бербейин деген менен,
Ал аял билип койду, ушунда кеп.
Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай,
Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
Тумчугуп, туталанып турганымда,
Баштады аял кебин мына мындай:
Жигит, сен менден анча чочубагын,
Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
Ага да азырынча кошуламын.
Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит,
Үйүмө чала кызуу келди кирип.
Ал менин абийиримди төкмөк болду,
Канайым катын бол деп эшикти илип.
Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам,
Же мага жардам берчү жан адам жок,
Мен аны колдон келсе жеген турам.
Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып.
Ал акмак арсалаңдап жата берди,
Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
Ошондо акылымдан танып калдым,
Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
Бычакты ала коюп ашканадан,
Мына деп как жүрөккө сайып калдым.
Ушундай бул окуя, билгиң келсе,
Анан ал тиштенди да эрдин кесе.
Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр?
Деп мага жалт карады сүрдүү теше.
Камыгып мен өзүмчө канадым а,
Аялды ушунчалык аядым да.
Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай.
Бир карын майды бузган бир кумалак,
Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак.
Аялга бүт эркекти жек көрсөттү,
Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
Аял да терең ойдун кучагында,
Мен ага эми кантип кайрат айтам?
Тунжуроо, туталануу эселеди,
Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы...
|