|
Сөзү : А.Рыскуловдуку
Обону : К.Рыскуловдуку
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыска арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Кайырма:
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Сөзү : Т.Кожембердиевдики
Обону : А.Керимбаевдики
Күтүүгө чыдамым аз көрүнөмүн,
Күйүттүн ызасына чөмүлөмүн.
Алыстап кетсең дагы маңдайыңа,
Асмандан жылдыз болуп төгүлөмүн.
Ашыгып тоо суусундай чамынамын,
Ар дайым сен тарапка агыламын.
Алыста, жакын жерде жүрсөң дагы,
Ар дайым ак маралым, сагынамын.
Саргайтпай ачык жообун бересиңби?
Сагынып медер кылам элесиңди.
Таңдагы тармал бутак болгум келет,
Талпынып, чертип турган терезеңди.
Сөзү : Атай Огомбаевдики
Обону : Атай Огомбаевдики
Ой булбул, кериле басып түрлөнүп,
Келишкен гана эле, жыпар гүлдөнүп.
Кейишке эле мынча не салдың,
Ой булбул, ой булбул,
Сен булбул, керимапан үндөнүп.
Күйдүрөсүң, булбул, кара көз,
Күйгөндөн, сизге айткан сөз.
Шаттыктын көөнү, көркү деп,
Шаңданган курбум эркин деп.
Ой булбул, кулпунасың тотудай,
Сен булбул кубандырып жүрөктү.
Же санаалуу кылып өзүңдү,
Карачы гана эле кимдер үйрөттү.
Буралып басып, түрлөнүп,
Муңканттың гана жыпар гүлдөнүп.
Деги муунумду бошоттуң,
Сен бураган арген үндөнүп.
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : А.Бедияровдуку
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көптөн бери жашаган сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.
Мүнөзүңдү жактырдым, мүнөзүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билип жүрсөң болду эми мындан ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.
Аскасы асман тиреген,
Шумкарлар булут жиреген.
Мээримиң күндөй төгүлгөн,
Мекеним, ай, сенсиң бир энем.
Кайырма:
Бузулбай мекен, чегибиз,
Бурулбай тили, тегибиз.
Байлык, бул көркөм дүйнөнү,
Бар болсун, ай, кыргыз элибиз.
Абалтан калган жерибиз,
Агылып байлык, кенибиз.
Өксүбөй ушул мекенден,
Өркүндөп-өссүн элибиз.
Кайырма:
Көркөмгө гүлү соолбосун,
Көз арткан душман оңбосун.
Жаркытып элдин жашоосун,
Жараткан, Кудай колдосун.
Кайырма:
Тартынбай тике тиктечи, апа
Таалайдынжибинүзбөчү, апа
Чыйралып тике тиктечи, апа
Чындыктынжибинүзбөчү, апа
Каралдымжанымкөкүрөкканым
Кулунуңменминкурудумкелдим
Ичпечиапа, суранамсенден, ичпечиапа
Суранамсенденсуранам, апа
Сүйүнткөнкайдаубадаң, апа?
Эркелепмоюнсозоалбайаттиң
Элдерденкатуууялам, апа
Акыл ой ката ала албай бата
Кудайдын таза келбесинжаза
Ичпечиапа, жалбарамсенден, ичпечиапа
Билбейминкандайтунуктук, апа
Бирүйгөбатпайуруштук, апа
Кулкундуойлопатабызбаштап
Кудайдынжолунунуттук, апа
Булуттуутаңыңбузулупканың
Чыркырайтжанымчыкса да жаның
Ичпечиапа, сыздатыпмени, ичпечиапа
Тагдырыңмынча тар беле, апа?
Таалайыңкулар жар беле, апа?
Ак жүзүң неге бозоротайтчы
Арактаөчүң бар беле, апа?
Уланып жарам ууланып барам
Түмөндөпсанаамтүгөнүп барам
Ичпечиапа, боздотупмени, ичпечиапа
Карадан акты бөлсөмбү, апа?
Караңгыжайдыкөрсөмбү, апа?
Апасы ичет дегенден көрө
Асынып барып өлсөмбү, апа?
Кутманым таңым күч-кубат алым,
Кыл десең айтчы кылайын баарын
Ичпечи апа, суранам сенден, ичпечи апа
Сага күн дагы тең эмес, апа
Сенчелик аалам кең эмес, апа
Келечек күнү тумандуу болуп
Келиниң ыйлайт мен эмес, апа
Жан дүйнөм канап, жабыркап барат
Кел эми эртең кеч болуп калат
Ичпечи апа, жалбарам сенден, ичпечи апа
Эмнеге сени теңейин, апа
Эмчегиң тосчу эмейин, апа
Күйүттү арак токтотсоң болду
Күндү да алып берейин, апа
Карегим көзүм керемет өзүң
Урматым менин укчу эми сөзүм
Ичпечи апа, сыздатып мени, ичпечи апа
Азгырык жолдо сен болдуң, апа
Армандуу балаң мен болдум, апа
Ырыстуу жанга тең келе албай
Ыйлаардан бүткөн көл болдум, апа
Кылмышкер жандай кыялым жанбай
Кыйналдым соолуп кыйылган талдай
Ичпечи апа, боздотуп мени, ичпечи апа
Адалдап тамак бакчу эмес белең
Ачуу эмес, апа, таттуу эмес белең
Аракты ичпей акылдуу бол деп
Ар убак мага айтчу эмес белең
Ушундай мага жүрөгү таза
Ууздай мага тилеги таза
Ичпечи апа, суранам апа, ичпечи апа
Аалам кең туруп думуктум, апа
Аягы бүтпөйт үмүттүн, апа
Өкчөлбөс пенде жалганда болбойт
Өткөндүн баарын унуткун, апа
Сүйүүмдүн кени сүйөмүн сени
Өмүрдүн деми өзгөрүп эми
Ичпечи апа, кагылам апа, ичпечи апа
Уялам элден суранам сенден
Ичпечи апа.....
Апапак жоолук салынып,
Амандык тилейт жалынып.
Алыстан кызым келет деп, ий,
Апакем жүрөт сагынып.
Тарттырбай ал кез жашымды,
Тал-талдап өргөн чачымды.
Алсырай түшсөм апакем, ай,
Алдыңа жөлөйм башымды.
Ар дайым жарык маанайың,
Агарды саамай чачтарың.
Алпештеп бизди өстүргөн, ай,
Апалар жашоо таалайы.
Апапак жоолук салынып,
Амандык тилейт жалынып.
Алыстан кызым келет деп, ий,
Апакем жүрөт сагынып.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : К.Досмамбетованыкы
Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.
Убакыт суудай акты унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди.
Эстеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта...
Түшүмдө түндө сени жолуктурам,
Ыракмат миң мертебе тагдырыма,
Ыракмат миң мертебе махабатка...
Обону : С. Бекмуратовдуку
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө, Таалайга жазган болсоң шорум бирөө. Кадалып карегимден кетпей койдуң, Кантейин, жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.
Ак жибек сизге жайган торум бирөө, Айтылбай арман кетсе шорум бирөө. Арзыткан ойлорумду сизге арнайын, Анткени жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.
Ак тилек сизге сунган колум бирөө, Айтылган арман кетсе шорум бирөө. Сүттөй ак ойлорумду сизге арнайын, Сүйүүгө жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.
Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө, Өчүрсө күйгөн отту шорум бирөө. Берилип башка адамды сүйө албадым, Бейкүнөө жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.
Берилип башка жанды сүйө албадым, Кантейин, жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.
Сөзү : Жеңижоктуку
Обону : Жеңижоктуку
Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демигем.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Кыйналам чындап демиге.
Кишини мынча чуркатпай,
Кыйнабай билсең эмине?!
Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм такыр үзгүм жок,
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк эттиң күлгүн күлүшүң,
Жайдары кыздын гүлүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жаркыным, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.
Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн күн, ай жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүшпөй калсам, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш тамат.
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон күн, ай жалтанат.
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жошулуп көздөн жаш тамат.
Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан, Көксулуум,
Жамалың төгүп ырдайын.
Жарашкан перим экенсиң,
Жалтанбай карап ырдайын.
Абдан сонун жарашкан,
Ак седеп таккан чыптамаң.
Ак көйнөкчөн келатсаң,
Ак куудай көлдө куп гана.
Ааламда жок сулуулук,
Арнаган экен кудурет,
Атайлап берип бир сага.
Көркөмү сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптамаң.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийгат,
Баарын кош колдоп сунуп, бир сага.
Ыргалып үйдөн чыкпайсың,
Ышкы отуна берилип,
Ырдасам, ырым укпайсың.
Кылгырып үйдөн чыкпайсың.
Кызыктуу иштен кеп козгоп
Кыйкырсам үнүм укпайсың.
Белден коён качырып,
Иле албадым, Көксулуу.
Эми тагдыр не болот
Биле албадым, Көксулуу?
Жолдон түлкү качырып,
Жете албадым, Көксулуу.
Жеткизбестен душманга,
Кете албадым, Көксулуу.
Алты канат ак үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Алтымыш эки сулуунун,
Периштеси Көксулуу.
Жети бир канат боз үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Жетимиш эки сулуунун чиркин,
Периси сенсиң, Көксулуу.
Теңтуштан тагдыр кошподу,
Телтору тандап ат чапсам,
Телторум аттан озбоду.
Теңирим салды бул кайгы,
Тек жаткан дартым козгоду.
Тепкедей чактан бир жүргөн,
Теңибиз кыйнайт окшоду.
Курдаштан тагдыр кошподу.
Куладан тандап ат чапсам,
Кубантып аттан озбоду.
Кудайым салды бул ишке,
Кусадар дартым козгоду.
Куушуп ойноп, бир жүргөн
Курдаштык кыйнайт окшоду.
Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Көчтөн калган тайлактай
Боздотосуң, Көксулуу.
Саяпчы салган боз куштай,
Саматасың, Көксулуу.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын!
Сөзү : Барпыныкы
Обону : Барпыныкы
|