|
Сөзү : Г.Момунованыкы
Обону : Э.Мааданбековдуку
Таптым сени, таң жаркырап аткандай,
Жакшы китеп кызыгына баткандай.
Таптым сени, даабай турам кечкенге,
Толкун, дайра бет алдымдан аккандай.
Таптым сени, бийик ашуу ашкандай,
Таптым сени, жаңы дүйнө ачкандай.
Таптым сени, адамдыктын жолунан,
Өмүр бою жазып бүтпөс дастандай.
Таптым сени, тирүүлүккө ырахмат,
Таптым сени, суз көңүлүм болду шат.
Сенин мээрим көздөрүңдүн алдында,
Жашоо - бакыт, жашоо кандай ырахат!
Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү
Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күӊгө серпкен кулачын
Шаштым кетип бошондосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин тереӊ жайган тамырым.
Кубанчыма, кайгыма да теӊ шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым алтын туткам, кутманым,
Мен - дүйнөгө сен тургузган эстелик
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Жазгүл Жумаканованыкы
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.
Көңүл жиби - тыт көпөлөк тарткан жип,
Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.
Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,
Акылыңдан адашасың бир күндө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.
Эмне болуп кетер экен дегендер,
Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
Абалтан жанган асманда жылдыз,
Азаттык заман алып келдиң, кыргыз.
Тилегим - кыргыз, тирегим - кыргыз,
Кыргыз деп согот жүрөгүм - кыргыз.
Кайырма:
Элибиз - кыргыз, жерибиз - кыргыз,
Бабабыз - Манас, тегибиз -кыргыз.
Өңүбүз - кыргыз, өзүбүз - кыргыз,
Манастын эли, сөөгүбүз -кыргыз.
Өлкөдө болсун ынтымак- ырыс,
Өнүксүн, өссүн, өркүндөп кыргыз.
Колуңда комуз, ичкениң кымыз,
Эгемен жолдо өр таян, кыргыз.
Кайырма:
Ала–Тоо таңшыйт, ыр ырдап кыргыз,
Жалгасын Теңир, жадыра, кыргыз.
Бейпилдик турмуш калкыма тургуз,
Ачылып жолуң, алгала, кыргыз.
Кайырма:
Кырктын кыры уланып,
Кызды берди Кудайым.
Кирип келет карылык,
Көрсөк экен жыргалын.
Кайырма:
Боосун бек кыл ылайым,
Бек ден соолук сурайын.
Багын ачып, ыйман бер,
Бажырайтып чырайын.
Алпештейбиз ансайын,
Акылдуу бол ар дайым.
Аман жүргүн, аяйым,
Ананайын Динайым.
Аттарың бар ар кандай,
Атасына - Эркетай.
Төпөш менен Чыймыке,
Таенеге - Бөжөбай.
Кайырма:
Апасынын бөбөгү,
Апасынын бөжөгү.
Кыз баланын ширини,
Көңүлдөрдүн өзөгү.
Кайырма:
Өнөр өзү эмине,
Өзгөчөлүк деминде.
Өркүндөсө бериле,
Оргуштатып чыгарат,
От алышып демине.
Табияттан келгени,
Тартуу кылып бергени,
Таамай ырдап турганы.
Тарбиясы чоң тура,
Таалим сөзгө бурганы.
Аа,аа,аа.
Талант деген эмине?
Талыкпастан элине,
Тартууласа саптарды,
Таптатып келген жерине.
Термелишип чыгышат,
Дем кошушуп демине.
Дегеле жалган бир сөз жок,
Деминен чыккан кебинде.
Дөңгөлөктөй айланып,
Далай күчтөр жанданып.
Ээ,ээ,ээ.
Көөдөндөргө ыр толот,
Кайрыктары камдалып.
Көздөрүнө нур толот,
Көңүлдөргө сыр болот.
Кезектешип чамданып,
Акындарга айла жок.
Ак таңдайга таң калып,
Кунт коюшуп угушат.
Төгүп жаткан саптарын,
Элестетип турушат.
Аа, аа,аа.
Элден чыгат өнөрлөр,
Элден чыгат дөлөңдөр.
Эркин ырдап үн кошсо,
Эргип созот чеберлер.
Булбул сыңар сайраса,
Буктар чыгат берендер.
Жанданышып үндөрү,
Жарык ачык түрдөгү.
Жетип тамыр аралап,
Жүрөк толкуп жүргөнү.
Ээ, ээ,ээ.
Комузчуну жалгаса,
Комуз колго кармаса.
Кылды чертип тайбаса,
Комузунан ыр чыгат.
Кадимкидей муң чыгат,
Үн чыгарса бук чыгат.
Чыгарбаса тумчугат,
Чертип келип боздотсоң.
Ыргытманы ойнотсо,
Кереметтүү күү чыгат.
Аа, аа, аа.
Дастанчылар сайраса,
Дастан айтып кайнаса.
Дүбүрттөрү жанданса,
Далай доорду талдаса.
Эби келет ал жердин,
Ооздон-оозго калтырып.
Көз алдыңа тартылып,
Кайгысы менен жыргалдын.
Кайрыктары камтылып,
Добушу келет ал кездин.
Ээ,ээ,ээ.
"Манас" айтып баштасаң,
"Манасынан" таштаса.
Манасчыга теңирим,
Берген экен башкача.
Манастын казынасын,
Ушул күнгө муңдурбай.
Улуу сөздү буздурбай,
Манасчылар сактады.
Манас ата калтырган,
Мурастарын актады.
Аа,аа,аа.
Муундан-муунга өткөрүп,
Каада-салты такталды.
Ошол кезден ушуга,
Осуяты сакталды.
Орошондоп күн өттү,
Ондоп, жүздөп жыл өттү.
Өнөрлөрдү өлтүрбөй,
Өнөрпоздор өрчүттү.
Муундан-муунга айттырып,
Мурас кылып калтырып.
Ээ,ээ,ээ.
Мүнүшкөрлүк сакталды,
Мүйүз уста чебери.
Мурап болуп такталды,
Мындан башка чеберлер.
Саймачылар, зергерлер,
Санжырачы, саяпкер.
Сыяпаттап, урматтап,
Сый көрсөткөн кубаттап.
Кол өнөрчү өнөрүн,
Коргоп келдик кынаптап.
Аа,аа,аа.
Ата-баба мурасын,
Алпештейли, актайлы.
Өнөрлөрдү калтырды,
Өчпөс кылып чаптайлы.
Өркүндөтүп өспүрүм,
Өспүрүмдү таптайлы.
Өнөрүңдү өргө чап,
Өнөрлүүнү барктайлы.
Өмүр өтөт, доор өтөт,
Ɵнөр өлбөйт, сактайлы.
Ээ,ээ,ээ,
Аа,аа,аа.
Жааса жамгыр басылбастан,
Жүрөк толкуп кыялданат.
Жаркын ойлор жашынбастан,
Жан эргитип кыйла жанар.
Жааса жамгыр басылбастан,
Жаз көркүнөн чер жазылат.
Жагдандарга катылбастан,
Жан дүйнөңдөн ыр жазылат .
Жамгыр төгүп басылганда,
Жайлоо гүлдөп, күн ачылат.
Жакуттардай бек катылбай,
Жан дилимден кут чачылат.
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Жоодурап сага караар бир адам бар,
Жалбарып жүрөгүңдү сураган бар.
Жамалың жашка толуп турса дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Муңкансаң муңду жазар миң амал бар,
Моюубай кылыгыңа чыдаган бар.
Мүнөзүң мөндүр сымал төксө дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Күз келип, жалбырактар куураганда,
Көңүлдүн кетиктерин сураган бар.
Кыш өтүп, махабаттуу жаз да келет,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Сөзү : Р. Абдыкадыровдуку
Обону : О. Султановдуку
Гүл ачышып бакта өскөн сирендер,
Бүгүн, жаным, сени мага эскертти.
Сүйүү менен көкүрөктө тирелген,
Каяккадыр ирип агып кетсекчи.
Кайырма:
Келсечи кайрылып ошол бир мезгил,
Эрте-кеч эзилип сени самаймын.
Сезилет өмүргө шерик дайыма,
Сен болуп маңдайга бүткөн таалайым.
Белгисиз бир сезимдерим гүлдөдү,
Сырым калбай эч бирөөдөн жашырган.
Учуп чыккан жылдыз болуп түндөгү,
Сага жетүүгө кандай гана ашыгам.
Кайырма:
Таарынбайлы биз эч качан тагдырга,
Бул турмуштун бурулушу ар кандай.
Ал кездерди элестете калганда,
От чачырап туруп калам жана албай.
Кайырма:
Сен кызыл гүл жайнаган,
Мен булбул бакта сайраган.
Сен бир панар, мен паана,
Жарыгың тийсе жайланам.
Кылчайып булбул конууга,
Кызыгат кызыл гүлүңө.
Бурулуп кулак сала жүр,
Булбулдун мукам үнүнө.
Сен пароход көлдөгү,
Мен кемечи, айдаган.
Баш кошуп жаңы жетерде,
Багымды толкун байлаган.
Күлүп өт, гүлүң бар чакта,
Күйүттү бойго таркатпа.
Бурулуп бакта сайраган,
Булбулдун тилин чарчатпа.
Ай нуру бизге төгүлдү,
Же, алтыным, аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алдыда жапжаш өмүрдү.
Күн нуру бизге төгүлдү,
Же, күмүшүм, аччы көңүлдү.
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү,
Күлгүндөй жапжаш өмүрдү.
Жалбырак учат дирилдеп,
Же жабыккан түрүн билдирер.
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет?
Алыска кетем эл үчүн,
Же кайрылып келем сен үчүн.
Ардактап ырдап жүрө көр,
Асылкеч курбум, мен үчүн.
Сөзү : Элдики
Обону : Жумамүдүн Шералиевдики
Түндөгү гана менин түшүмдө,
Түйүнүн гана эркем түшүнсө.
Түңүлбө гана менден жаш көңүл,
И койчу, түбөлүк үчүн түзүлсө.
Абалкы менин түшүмдө,
Абайлап эркем түшүнсө.
Андагы гана көргөн түшүмдү,
Айныбас үчүн түзүлсө.
Санаама түшсөң ар дайым,
Сабылып гана жүрөк оорутам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Сырдашып кимге жорутам?
Staje luntana da stu core,
А te volo cu 'o penziero.
Niente voglio e niente spero,
Ca tenerte sempe a fianco a me.
Si sicura 'e chist'ammore,
Comm'i só sicuro 'e te.
Oje vita, oje vita mia,
Oje core 'e chistu core.
Si state 'o primmo ammore,
E 'o primmo e ll'ùrdemo sarraje pe' me.
Quanta notte nun te veco,
Nun te sento 'int'a sti bbracce.
Nun te vaso chesta faccia,
Nun t'astregno forte 'mbraccio a me.
Ma, scetánnome 'a sti suonne,
Mme faje chiagnere pe' te!
Scrive sempe e sta' cuntenta,
Io nun penzo che a te sola.
Nu penziero mme cunzola,
Ca tu pienze sulamente a me.
'A cchiù bella 'e tutt''e bbelle,
Nun è maje cchiù bella 'e te!
Кырманда кызыл мен болсом,
Кыраңдан соккон жел болсоң.
Айрылгыс болуп экөөбүз,
Тагдырда дайым бир кошкон.
Жайлоодо жашыл көл болсоң,
Жайкысын чалкып сен толсоң.
Ак куу бир болуп кылактап,
Жашынып барып мен консом.
Ак жамгыр болсоң жаздагы,
Мен болсом алча шактагы.
Салкынга бышсам кызарып,
Сен үзсөң ошол алчаны.
Сөзү : С .Аскаровдуку
Обону : С .Аскаровдуку
Мезгил сансыз өтсө дагы арадан,
Мен өзүңдү табам го деп самагам.
Карааныңа куса болдум көп издеп,
Кайдасың сен жүрөк гүлүм садагам?
Кайдасың сен жүрөк сүйгөн садагам!
Кыламыктан көрүнөр деп издериң,
Кычыраган кышкы аязда издедим.
Аракетим текке кетип анда да,
Антсе дагы сенден күдөр үзбөдүм.
Анда дагы сенден үмүт үзбөдүм.
Мейли мезгил өтө берсин токтобой,
Мен өзүңдү бул дүйнөдөн жоктобойм.
Ыр жашаган жүрөгүмдө жашайсың,
Элестериң эч бир жанга окшобой.
Мүнөздөрүң эч бир жанга окшобой.
Ыр түнөгөн жүрөгүмдө түнөйсүң,
Кыялдарың эч бир жанга окшобой.
Биз жолуктук, билбейм, качан, үмүтүм,
Бийлеп алдың жүрөгүмдү сен бүтүн.
Бир жолу эмес,
Тагдырга миң, таалайыма ырахмат.
Бизди кошкон ошол бейпил, ошол айлуу
Ошол сулуу түн үчүн.
Мен өмүрдө далай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү-өзүм кыйнадым.
Жолукканда ошол күнү,
Эң биринчи жолукканда өзүңө.
Көңүл дегдеп, көлкүлдөдүм, толкундадым,
Жүрөгүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, эй, дүйнөнүн!
Мен Жер шаарын бүт айланып жүргөнмүн.
Кайырма:
Билбесем да бар экенин,
Бул дүйнөдө ак сүйүү.
Качандыр бир,
Мен өзүңө эрте-кечтир,
Жолугарым билгенмин.
Адамзат болбос дүйнөдө,
Өткөндө эстеп койбогон.
Ата-энем жайда конушка,
Соң- Көлүн көрүп, конушуп көрүп,
Жайлоону көрүп ойлоном.
Шамаалсыз күндө толкубай,
Тынчыса Соң-Көл мемиреп.
Көңүлүм эргип кубанбай,
Негедир оюм ээлирет.
Атакем айдап жылкысын,
Адырда келе жаткансыйт.
Апкем кармап чакансын,
Желени көздөй, бээлерди көздөй,
Желени көздөй баскансыйт.
Утурлай тозо чуркааарда,
Көрүнбөй калды төгүнбү.
Түшүнө албай таңдана,
Түшүмбү же бир, өңүмбү жер бир?
Түшүмбү же бир, өңүмбү.
Соң- Көлүн көрүп, конушту көрүп,
Жайлоону көрүп ойгоном.
Асман бүркөк, асман сырдуу көрүнсө,
Дарактардан жалбырактар төгүлсө.
Тынчы кетип, бугу толгон көңүлүм,
Булуттардай уйгу-туйгу бөлүнсө.
Мен сени эстеп, тартып санаа-убайым,
Күн бүркөлбөй, мен бүркөлгөн убагым.
Терезеңди жалбырактар аймалап,
Терезеңден жалдыраса ай карап.
Терезеңди черте качат уктатпай,
Тегеренип кошо жүрсө жарганат.
Ал жарганат, ал тынчы жок жалбырак,
Ал ай менмин карап турган жалдырап.
Ыйык сырды мен билсем да, сен билсең,
Сен түш көрсөң, ал түшүң мен кирсем.
Сүрөтүңө мас болгондой таң калып,
Сөз сүйлөбөй сени тиктеп телмирсем.
Бир сен үчүн унутуп бүт дүйнөнү,
Билгин, жаным, жүрөгүмдүн күйгөнүн.
|