|
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансыз да,
Сагындым, туулган жер, сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңа,
Карлыгач болуп кетсем бейм.
Уктасам кирип түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар!
Кат жаздым бүгүн, кеткенсиң алыска,
Акыркы жолу айтаарым сага:
Сагындым сени, күттүрдүң мени,
Кыйнадың келбей, сүйгөнүм.
Уксаңчы сөзүм, сүйө албайм бөлөгүн,
Өзүңдөн такыр үзө албай үмүтүм.
Ойлонуп танда, адашып калба,
Арманда калып жүрбөгүн.
Убактым сенсиз кызыксыз өтөт,
А бирок, бир күн бул сезим өчөт.
Өкүнүп калба, кечигип калба,
Кайрылчы, менин сүйгөнүм.
Кош болгун, мерез кымбатым менин,
Мынчалык муздак жүрөгүң сенин.
Бул менин катым, акыркы катым,
Сен үчүн жазган, сүйгөнүм.
Сезимди алдың, азапка салдың,
Кечирбейм сени, сүйгөнүм,
Эстеп жүр мени, сүйгөнүм.
Ар ким айтат сүйгөнүн,
Акылына түйгөнүн.
Ашык бир болуп жете албай,
Арасат күндө жүргөнмүн.
Мен дагы айтып берейин,
Ашыктыктан бир сабак.
Дак салдың ууз жүрөккө да дарт, из,
Гүзал, ак тамак.
Күрдөлүү жаштын иши экен,
Күсөдүм сүйүү чарбагын.
Аманат жанга белек деп мен,
Ашыктык гүлүн кармадым.
Ана ошол гүлдү беришке
Мен Гүзалды издеп барганмын,
Булактан көрүп чак түштө,
Мен булбулдай абаз салганмын.
Көрдүм далай урууну,
Кечтим дайра - улууну.
Издеп бир келдим, Гүзал кыз,
Ышкыдар сендей сулууну.
Тааныбайсың сен мени,
Тарпи кылат эл сени.
Таанышалың ушул жерден,
Тартиптүү, Гүзал, кел бери.
Кыйланы көрдүм кыдырып,
Кара-Суу менен Чарбактан.
Каш-кирпигиң төгүлүп,
Карасаң кумар таркаткан.
Көкүрөккө өрт коюп,
Көк-жылдызын саматкан.
Жана да көптү көрмөкмүн мен,
Жаралган болсом канатчан.
Кал, калыңдан калыңдан,
Кайкалап бүткөн далыңдан.
Безеленген белиңден, ай,
Беш талдап өргөн чачыңдан.
Чачың көлдүн камышы,
Өзүңүздү сурасам, ай,
Эмгектүү элдин калысы.
Сураганым себеби,
Сүйбөй бир киши келеби?
Сыпайынын жайында, ай,
Билбей бир киши келеби?
Зыяда болсоң, кулак сал, ай,
Зарымды угуп гүлүмдү ал.
Керек болсо, Гүзал кыз, сен,
Көрө турган күнүмдү ал.
Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Күнүгө келип суу алчу,
Булагың болуп жүрөйүн.
Кайда барсаң жаныңда мен,
Ынагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт,
Эмне болсо оюңда,
Жүрөгүнөн илинген, ай,
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да өзүң бил,
Сыйласаң да өзүң бил, эй,
Тагдырым сенин колуңда.
Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Сүйүү оту жанса көзүңдө,
Сүйүнүч турчу өзүмдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Аттестат алдың, сөз бердиң,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн мезгилде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Анда да алтынчы күнү кечинде.
Ойдо жок жерден оргуштап чыкты,
Ойлобой элим муң-зарды укту,
Он алтынчы жылдагы үркүн,
Оодарып элди кайгыга жыкты.
Арга жок элим Кытайга качты,
Асыраш үчүн алтындай башты,
Жамгырдай жааган көзүнүн жашын,
Аргасыз элим кум чөлгө чачты.
Кеткени кетти кытайга жетти,
Кета албай калган кээ бирөө кантти,
Кейиштүү күндөн түңүлүп акыр,
Коштошуп бирөө о дүйнө кетти.
Жолдо нечен жан сууга агып өлдү,
Жоголгондорго ким көңүл болду,
Жегенге нан жок, же талканы жок,
Жокчулуктан канча жан өлдү.
Санааны кечип канча таң атты,
Сапарда жүрүп канча күн батты.
Кыргызым мынча кыйналып кеттиң,
Суу таппай кээде таңдайың катты.
Азапты кечип нечен таң атты
Арманга толо нечен күн батты
Баласын алып калктан ажырап,
Кан сырап эне талаада жатты.
Кайрылып кетем бул жерде неге?
Кайраты кеткен байкуш энеге,
Катарлап басып баласын алып,
Калк менен кошо жөнөгөн эле,
Каргаргаша болуп калктан адашып,
Калкты ой басты, калкты жер басты,
Калкынын алыс кеткенин көрүп
Кансырап эне талаада жатты.
Жанында бала чыркырап ыйлайт,
Сулк жаткан эне эч нерсе туйбайт,
Жөрмөлөп келип он айлык бала,
Эмсем деп эне боорун тырмалайт.
Ошентип эне о дүйнө кетти,
Он айлык бала не күнгө жетти
Оонактап ыйлап боорун тырмалап,
Энесин ээрчип артынан кетти.
Сексенге чыккан абышка өлдү
Секелек кыздар муң-зарды көрдү
Сегизге жашы толо элек бала
Сегизге толбой кордукту көрдү.
Бешикте жаткан наристе өлдү,
Бешиктен чыкпай кордукту көрдү.
Ыңаалап ыйлап, жүрөктү эзип,
Бешикте бала ажалды көрдү.
Кытайга жетпей канча жан өлдү
Кыямат азап канча жан көрдү
Кыргызым бүгүн ойлонолучу
Кыйла жыл мурда өткөргөн күндү.
Душмандан канча запкыны тарттык,
Дайынсыз кетип камалып жаттык
Ойгонуп эми тендикке келип
Оодарып баарын чынтыкты таптык
Сөзү : Барыктабас Абакировдуку
Обону : Жумамүдүн Шералиевдики
Күндө (бир) күндө (ай) кездешем,
Күлө (бир) карап (ой) беттешем.
Оору (бир) болуп (ай) жүрбөйүн,
Ойдогу сырды (ай) чечпесең.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (ай),
Карап (бир) койчу (ой) жылмайып.
Басып (бир) өттүк (ай) кыр калды,
Балалык бизден (ай) уурдалды.
Өмүр (бир) кыска (ай) жол узун,
Өткөрбөйлүк (ай) кырдаалды.
Кете электе улгайып,
Күлүп (бир) койчу (ай),
Күлүп (бир) койчу (ой) жылмайып.
Карыйбыз улам (ай) күн өтсө,
Кабакка булут (ой) түнөтпө.
Туйдуң (бир) бекен (ай), жок бекен,
Турганың дайым (ай) жүрөктө.
Кете электе (ай)улгайып,
Карап (бир) койчу (ай),
Карап (бир) койчу (ой) жылмайып.
Кебилбей жумшак (ай) мүнөзүң,
Келтирет бакыт (ай) күбөсүн.
Калыптанган (ай) эмедей,
Каректе калды (ай) сүрөтүң.
Кете электе (ай) улгайып,
Күлүп (бир) койчу (ой) жылмайып.
Сөзү : С.Жигитовдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндө,
Кыйналам уктай албай чоочун үйдө.
Шуулдап теректери шоокум салат,
Көрүнүп терезеден тоо түнүндөй.
Жабыла жалбырактар үн чыгарып,
Күйүттүү жаны тынбай күү чыгарып.
Качырып уйку кушун шуу-шуу этет,
Көңүлдүн шуу-шуу этет тынчын алып.
Терегим, шуулдаба, теректерим,
Эсиме шуулдасаң келет менин:
Өчүңкү өткөн күндүн элестери,
Өкүттүү өмүрүмдүн белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Теректерим...
Кысылган тоо койнуна кыштагымда,
Түзөңдүн там-ташы бар төш жагында.
Шуулдап миң түп терек турар эле,
Атакем тигип койгон жаш чагында.
Бактылуу оо, ал кезде бир баламын,
Көпөлөк, оюн-күлкү — уулаганым.
Байкабай уктаганым калар элем,
Теректин угуп жатып шуулдаганын.
Бирге өскөн каргадайдан моюндашып,
Кадыр кеч агам экөөбүз коюндашып.
Теректер уктап жатсак, ойготчу эле,
Жел менен желбиртеген шыбырлашып.
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.
Капыстан, аскар тоодой атам ооруп,
Дартынан айыкпаган каза болуп.
Теректер ошондо да шуулдаган,
Жаткандай кошок айтып созолонуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Теректерим...
Бул өмүр өтүп барат зуулдаган,
Зуулдап өтүп барат улуу заман.
А силер жатасыңар, кайрандарым,
Туйбастан терек муңун шуулдаган.
Кадиксиз болсо дагы бир өлүшүм,
Кай күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөм, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Жүрөмүн өлбөчүдөй, кайрандарым,
Эшитип терек күүсүн силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Шуу ыйлагым келет менин, теректерим.
Сөзү : Сакен Дүйшекеевдики
Обону : Сабатар Исаковдуку
Мурунураак жетсем го тилегиме,
Жүрбөйт белем жылынып илебиңе.
Сугун арткан көздөргө урундурбай,
Сени катып алмакмын мен жүрөгүмө.
Жолго чыксам биргесиң сапарымда,
Бассам бирге жүрөсүң катарымда.
Айтчы деги сезбедиң, оюмдасың,
Жадакалса мен уктап жатаарымда.
Карааныңды көргөндө толкунданам,
Деги кимдер гүлдөргө кол сунбаган.
Айтчы деги кайда элең,көрбөдүм го,
Мен жигит ай кезимде солкулдаган?
Сөзү : Ж.Шамшиевдики
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : Ж.Шамшиевдики
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : М.Тураеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген, сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалга ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, өрүкзарга кетели макул болчу.
Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздардын терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп, булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
Сөзү : А. Огомбаевдики
Обону : А. Огомбаевдики
Күйдүм бир гана, күйдүм чок,
Күйдүм бир гана десем, түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Kүйдүм жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан жайлоо деген бийик бел,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма эле жакаң, кара көз,
Кадырды билсең өзүң кел.
Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен ак жоолук салып түрлөнүп.
Айласын таап жете албай,
Мен жүрөм адашкан тайлак өңдөнүп.
|