|
|
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Жалганып сезим күйбөстөй,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөштөй.
Кайырма:
Башкабы сенин сыйлаарың,
Башкабы, айтчы кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Соңуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат нөшөр аянбай.
Кайырма:
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.
Жалганбы сүйүү биздеги,
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө,
Арманбы өмүр тизмеги?
Кайырма:
Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.
Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо
Жайжайына койсочу.
Чөп куурабас болсочу,
Көл тунарбас болсочу.
Кызыл өңдөн нур кетип,
Кыз кубарбас болсочу.
Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу.
Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.
Кайран өмүр жыйырма беш,
Жашка барар болсочу.
Кайран жашты кол менен,
Жасап алар болсочу.
Жашоого жарык шам жандырган,
Жылуулук берген муздатпай.
Жылмайып дайым кубандырган,
Апакебай тазалыгың булактай.
Элесиң кетпейт көз алдымдан,
Сагынамын алыстасам,
Жаңылбайм билем тагдырымдан,
Жалгыз сага кызматымды арнасам.
Кайырма:
Аралыгы узап өтсө дагы ай-жылдардын,
Суранамын мени ыйлап сагынба.
Апакебай алтыным суранам кайгырбагын,
Көңүлүм дайыма сенин жаныңда.
Чырактай көздөр жана берсин,
Мезгилиң шашып учса да.
Жаш болуп жүрөк кала берсин,
Карылык жолуңда күтүп турса да.
Кайырма:
Кайгы-капага мен үчүн багынба,
Мен деп кусаланба, жаныңдамын сагынба.
Кайыра:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Сөзү : Эрнис Турсуновдуку
Обону : Нуркан Турсунбаевдики
Агаргандай ак кар түшүп, берекем,
Ак жүзүңө кайдан түштү көлөкө?
Мезгилиңден эрте карып кеттиңби?
Мен баратам антымды актап, энекем, энекебай.
Белегиңди берген элең белекке,
Тирүүлүк бар, амансыңбы демекке.
Мерт болбодум улуу турмуш жолунда,
Мен баратам милдет өтөп, энеке.
Мерт болбодум улуу турмуш жолунда,
Мен баратам милдет өтөп, энеке.
Калсаң керек бир өзүмдөн түңүлүп,
Каршы алдымдан чыгар кезиң бүлүнүп.
Биз жоготкон көп сонундун ичинен,
Билсең, эне, сонун олжо - тирүүлүк.
Биз жоготкон көп сонундун ичинен,
Билсең, эне, сонун олжо - тирүүлүк.
Мен баратам, мен тирүүмүн, энеке,
Мелт-калт болсун ак өргөөңөр, энеке.
Өзүңдү өмүр бою күткүм келет,
Ыр болуп жан дүйнөмө бүткүм келет.
Жашоодо жарык күнүм бардыгына,
Кубанып бул дүйнөдөн өткүм келет.
Багдырап сен тарапка баргым келет.
Багынтып жүрөгүңдү алгым келет.
Айтпаган эч бир жанга сырларымды,
Ардагым жалгыз сага ачкым келет.
Бакытка өзүң менен толгум келет,
Куш болуп гүл багыңа конгум келет
Ыр болуп, күүгө салып жүрөк кылын,
Түбөлүк өзүң менен болгум келет.
Түбөлүк өзүң менен калгым келет.
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Алыстабай карааныңдан,
Айдай тунук жамалыңа суктана берем.
Ак сүйүүмдүн барагына,
Тагдыр сени белек кылып жазган беле.
Ортобузда махабаттын,
Алоолонуп оту жансын, бизге дайым.
Алыстарга канат кагып,
Таталычы сүйүү балын бирге жаным.
Жараткандан суранарым,
Айрыбасын суйүүбүздү, жаным эркем.
Жалгызымсың жандай көргөн,
Жыргалымсың жүрөк сүйгөн, жан берекем.
Ортобузда махабаттын,
Алоолонуп оту жансын, бизге дайым.
Алыстарга канат кагып,
Таталычы сүйүү балын бирге жаным.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Сайкал Садыбакасованыкы
Сөзү : Таалай Бектургановдуку
Обону : Таалай Бектургановдуку
Сен тартынбай мага карачы,
Колуң сунуп колум кармачы.
Түбөлүктүү болуп мен менен,
Көп кыйнабай менин санаамды.
Кайырма:
Мен суранам, сенден суранам,
Сен кайрылсаң абдан кубанам.
Колтукташып сен менен басып,
Алкымыңдан ай мен жыттасам.
Түшүнбөдүм сенин оюңа,
Бере албадың каттын жообун да.
Жүрсөң керек сен да кыйналып,
Ойго батып сарсанаага.
Кайырма:
Оо, менин сүйгөнүм, Назира,
Жүрөгүмдө жалгыз сен гана.
Кармашып колубуз дайыма,
Калсынчы, садагам Назира.
Сөзү : А.Жакшылыковдуку
Обону : Т.Асанакуновдуку
Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры тартылып.
Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө.
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.
Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткенимди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.
Кайырма:
Сөзү : Акыл Айтиевдики
Обону : Акыл Айтиевдики
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Күндөрдүн биринде чочуп, тайсалдап,
Биз окуган класска кирди практикант
Топ кыздар чурулдап, азил сөз чубап,
Кызартып агайды, ар нерсе сурайт.
Кайырма:
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Төртпү же беш жашпы бизден улуураак,
Сүрдөнүп сөзүнөн улам адашат.
Ансайын шок кыздар сүйгөнүн сурап,
Агайдын шаштысын кетирген убак.
Кайырма:
Жагымдуу сөздөрү, назик күлкүсү,
Дүрбөтүп сезимге салды бүлүктү.
Кыздарды кызганып, балдар күйүктү,
Агайга тийишип араң жүрүштү.
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Өзөндү бойлоп, өзүңдү ойлоп,
Жаз келсе ме да келээрмин.
Өзүңө жаккан, сага арнап жазган,
Ырымды ырдар берермин.
Кайырма:
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
Алыста жүрүп даалай күн күтүп,
Сагынсам сага келээримин
Жүрөктө жүргөн, өзүң деп күйгөн,
Сүйүүмдү сага берермин.
Кайырма:
Сагыныч эзип, сүйгөнүм сезип,
Күз келсе мен да келээрмин.
Армандуу жүрөк, жалындап күйөт,
Өзүмдү сага берермин.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Таңдары бермет, жаш кезек алтын,
Сел болуп өттү, сезбедик баркын.
Жылдызы күмүш, күн чыкса сымбат,
Жоогазын сындуу ал күндөр кымбат.
Кайырма:
Мен сен деп канча ыр жаздым, ай, жоогазын?
Күбөсү канча сырлардын, сен жоогазын.
Кубанса курдашы сенсиң, кайгырса муңдашы сенсиң,
Айдай сулуу, күндөй сулуу кыздардын.
Бал кымыз жуткан жайлоосу сонун,
Ал жылдар калды булгалап колун.
Сезимдер ошол журтунан көчкөн,
Адыр, тоо алыс жоогазын өскөн.
Кайырма:
Сөзү : Г.Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку
Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.
Кайырма:
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.
Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.
Кайырма:
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.
|