|
|
Сен, мен дегенде...
Себелер сезимим зор бекен.
Себепсиз, жан жүрөгүм,
Сагынып мени ойлойт бекен?
Кайырма:
Соолуган гүлдөрүм ачар бекен,
Томсоргон таарыныч канча бекем.
Сени издеп сенсиз мен сагынып зарыгып,
Сансыз го санаалар...
Сен, дале кайра сен,
Дилимдин кайраты дале сен.
Мейли мен жашай берем,
Дем албастан берекем.
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Автандилдики
Ашыгым, айтар сөзүм сага деген,
Ажарыңды айга теңеп келемин мен.
Жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү сага арнасам,
Ак сүйүүмө ишенбейсиң эмнеге сен?
Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.
Башкага ыраа көрбөйм сени, жаным,
Канчалардан өзүң мага буйругансың.
Айтып бүтпөс махабатым сага арнасам,
Аппак сүйүүм сендик гана, арзыганым.
Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.
Өпкүм келип үлбүрөк эриндериң,
Өмүрүмдүн кусалуу жериндемин.
Өзөгүмө от жаккан жан болсо да,
Өзгөлөргө бир өзүңдөй,
Башкаларга бир өзүңдөй, берилбедим.
Кыскым келип боюңду кучагыма,
Кыйналуунун жашаймын учагында
Баштагыдай шаңданган өңдөн азып,
Батып барам сыр билгизбей,
Батып барам сыр билгизбей, ыза-муңга.
Көз нуруңа кагылып мөлтүрөгөн,
Көлөкөңө зар болуп мен түгөнөм.
Туткундалып ар мүнөт сагынычка,
Туталанат эт жүрөгүм,
Туталанат эт жүрөгүм, сен түнөгөн.
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Алтын жибек күн нурундай сүйкүм элесиң,
Бек кучактап кыялымда жашаймын.
Ар күнүмдү арнап сага сенден адашпай,
Ар убакты, ар кадамды санаймын
Кайырма:
Таңдай аппак таң сулуу
Тагдырлашым сен сулуу
Тандай катып тамшандырган бир сулуу
Атың дагы таң сулуу
Затын дагы тан сулуу,
Жаратканым жалгап берген сен сулуу...
Акылымды байлап алдың билсең карындаш
Азаптарга эми мени таштаба
Көздөрүңө тойбос болдум, көрсөм-көрбөсөм
Суранамын кетпе менден башкага.
Кайырма:
Сөзү : Бердибек. Жамгырчиевдики
Обону : Рысбек Осмоновдуку
Сөзү : Р.Маматкуловдуку
Обону : Р.Маматкуловдуку
Оштон чыгып жол тарттым мен Бишкекке,
Жол кезүүдө түш көрдүм мен бир кезде.
Көргөндө да укмуш кызык иш көрдүм,
Абдан тунук, өңүм сымал түш көрдүм.
Кайырма:
Ош-Бишкек жолунда,
Айдаганым Мерседес.
Жанымдагы сүйгөнүм,
Мерседестен кем эмес.
Бир мезгилде мен түшүмдөн ойгондум,
Чочуп кетип, өзүмчө бир толгондум.
Көргөн түшүм айланса дейм өңүмө,
Андай түштөр жагат экен көңүлгө.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аакбар Сүйүнбаевдики
Кете бер мейли, теңсинбедиң кантейин мени,
Бүлүндүбү биздин тагдырлар.
Баш ийебиз айла жок эми, арга жок эми.
Унутам сени, кайрылба эми.
Өксүп бир сыздап, бөксөрдү,
Жүрөктүн, сен турган жери.
Издейм түбөлүк,
Бизди бөлгөн айлуу түндөрдү.
Жектеп ыйлайм таш боор тагдырды,
Бир өзүңө койбойм күнөөнү.
Эстедиңби, алтын күндөрдү.
Жашырып айтпайм, эч кимге,
Сагынып, жүрөм бирөөнү.
Ойлодуңбу, ойлодуңбу балдарыңды?
Сыр кылып айтпайм эч кимге,
Сагындым жалжалымды.
Сөзү : Добрдуку
Обону : Ирлан Таалайбековдуку
Мен билемин - барсың сен ааламда,
Мен билемин - жалгыз эмесмин анда.
Тилегеним - болчу сен жанымда,
Ишенемин жаным сага жолугарыма
Издегеним сени көргүм келет өңүмдө,
Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө.
Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө,
Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө.
Кайырма:
Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага,
Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана.
Махабатым сага, жүрөгүм бир сага,
Жүрөктөгү сүйүмдү келет арнагым сага.
Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага,
Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана.
Махабатым сага, жүрөгүм бир сага...
Сүйүүгө кабылып, өзүңө жолуксам,
Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан.
Жүрөктүн жарымын, өзүңө арнасам,
Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан.
Келечекте мени менен болчу жарым,
Болочок менин сүйүктүүм, энеси балдарымдын.
Келечекте өмүр бирге сүрчү адамым,
Чертип сага арнагым келет сүйүү кылдарын.
Кайырма:
Мен билемин - барсың сен ааламда,
Мен билемин - жалгыз эмесмин анда.
Тилегеним - болчу сен жанымда,
Ишенемин жаным сага жолугарыма.
Издегеним сени көргүм келет өңүмдө,
Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө.
Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө,
Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө.
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : И.Абдыразаковдуку
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Эрнест Абдыжапаровдуку
Сагынычым саамал болуп көбүрөт,
Санаам санга, оюм онго бөлүнөт.
Сезимдерим сен тарапка агылып,
Мен өзүңсүз жашай албайм көрүнөт.
Ой, карындаш көктү карап менсинбе,
Жолдуу кызга мендей күйөө берсин де.
Намыстарга байлыгыңды мындай кой,
Баары, баары болот сенин энчиңде.
Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей
Мага тааныш көп жигиттин жомогу,
Баары, баары мен күткөндөй болобу?
Аны кийин көрөсүң да карындаш,
А дегенде, макул болчу оболу.
Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей
Кой, кой жигит мен түшүндүм оюңа,
Торой басып, тоскоол болбо жолума.
А дегенде макул бол деп, а кийин,
Сазайымды бердиң баары колума.
Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей
Эми бизде мына кызык тамаша,
Жөндүү сөзгө таарынасың балача.
Сен күткөндөй болот баары дегеним,
Акыл-эсиң, мамилеңе жараша.
Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей
Сагынычым саамал болуп көбүрөт,
Санаам санга, оюм онго бөлүнөт.
Сезимдерим сен тарапка агылып,
Сенсиз жашай албайм...
Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей
|