|
|
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Сүйбөсөң, сүйөмүн дебе,
Күйдүрүп жүрөсүң неге?
Үзүлчөөк биздин мамиле,
Элдерге окшобойт неге?
Сөзүңдү албадың беле,
Сүйөм деп калбадың беле.
Телефон кылам деп анан,
Күттүрүп чалбадың неге?
Кайырма:
Алдаба, алдаба сен,
Чалбадың не, чалбадың го сен?
Алдаба, алдабайм мен,
Чаламын деп, чала албадым мен.
Кечир деп барбадым беле,
Кечиримди албадым беле.
Чакырсам жолугушууга,
Келемин деп калбадың беле.
Элдердей жүрбөйбүз неге?
Сүйүүбүз от албайт неге?
Барам деп чыгынып жатып,
Чын эле, барбадым неге?
Кайырма:
Алдадым, алдадым мен,
Барбадым не, барбадым го мен.
Алдаба, алдаба сен,
Келемин деп, келбедиң го сен.
Алдадым, алдадым мен,
Жаманмын, жакшысың сен.
Алдадым, алдадым мен,
Жакшысың, жаманмын мен.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Акылай Рысбаеваныкы
Обону : Т.Айтмаматовдуку
Жаңырган айды көрсөм,
Сени эңсеймин.
Ачылган гүлдү көрүп,
Аны сен деймин.
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Сагындым, саргайдым го,
Неге келбейсиң?
Кайырма:
Алты тоонун тескейи,
Алты куш аны эңсейби?
Алсырадым, аздым го,
Алтыным эрте келбейби?
Жети тоонун тескейи,
Жети куш аны эңсейби?
Жетимсиреп калдым го,
Жейреним эрте келбейби?
Өзүң бил,
Максатыңа эми жеттиңби?
Өзүң бил,
Биротоло менден кеттиңби?
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Же гүлүм, сагындырып,
Келем дедиңби?
Кайырма:
Тогуз тоонун тескейи,
Тогузу аны эңсейби?
Томсоруп калдым го,
Тоо гүлүм эрте келбейби?
Отуз тоонун тескейи,
Улар аны эңсейби?
Буулугуп калдым го,
Булбулум эрте келбейби?
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсөн боло, жүрсөң боло сүйгөндүгүң аныктай.
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай.
Суусаттың го суудан чыккан балыктай.
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың, акактаттың суусун берип жарытпай.
Махабатым терең көлгө теңедим.
Уруксат бер, тереңдигин көрөйүн.
Чөгүп кетсем өз убалым өзүмө,
Колдон мени, колдон мени тартып алгын дебейм.
Ашык болгон абалыма карагын.
Суусатпачы кургап барат тамагым.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде, жок дегенде эрин ымдап алайын.
Сөзү : А.Тоотаевдики
Обону : А.Тоотаевдики
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Нурлан Насиптики
Эңсетип мени кыйнадың
Эсимден такыр чыкпадың.
Ээрчитип мени, аны да.
Эмнеге бизди алдадың?
Агарып таңдын атканын,
Тосчу элек дайым аппагым.
Түбөлүк бирге болом деп,
Мени да, аны алдадың.
Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.
Өзүң деп өткөн күндөрүм,
Өкүнүч эмес, кубаныч.
Сени менен жүргөн түндөрдү,
Эстеп биз күлүп жүрөөрбүз.
Түбөлүк эсте сакталат,
Ал күндөр биздин жүрөктө.
Эстеген сайын жылмайып,
Жүрөбүз мезгил өтсө да.
Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Табылат сага, мага да.
Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Нурлан Насиптики
Билбеймин мени кантип арбадың,
Көп кыздардан бир сени тандадым.
Бүт өмүрүмдү сага арнадым мен,
Жүрөк ээси жалгыз өзүңсүң.
Кайырма:
Сен менен татамын,
Издеген бакыт даамын.
Жанымда күлүп турсаң,
Сүйө берем ар дайым.
Жүрөккө нурун чачкан күнүмсүң,
Жашоомдун көркүн ачкан гүлүмсүң.
Түбөлүккө бир келчү сүйүүмдүн да,
Ээси жалгыз өзүңсүң.
Кайырма:
Оюмдан кетпедиң, көрсөм деп эңседим
Сага карай тартыламын билсең жаным
Таптым сени, сүйдүм, тартып жүзүң сүйкүм
Жүрөгүмө бекем сактап өткүм келет сени менен
Кайырма:
А, бирок билбейсиң,
Мен үчүн гүлдөйсүң.
Жанымда жүрөсүң,
Бар сырымды ичке сактап, айтпай, жүдөдүм.
Жыпар чачкан гүлүм, арзуум айтам бүгүн,
Көркүн ачып, мен эңсеген таңга бөлөп, өмүрүмдү.
Маңдайга жазылган, тагдырды билбейсиң
Балким мени сүйүп, же бир күнү кош дейсиң...
|