|
|
Сөзү : Ч.Мырзаевдики
Обону : И.Абдыразаковдуку
Сөзү : Акылбек Жумаевдики
Обону : Акылбек Жумаевдики
Досторумду капа кылып албайын,
Досторума бир сап ырды арнайын.
Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын,
Ден-соолукта жүролүчү ар дайым.
Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы,
Тамашаны чындай кабыл албайлы.
Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине,
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.
Кайырма:
Эй, досторум, досторум,
Жаштык гүлү соолбосун.
Жараткан соң силерди,
Кудай өзү колдосун.
Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып,
Калгым келбейт мен достордон айрылып.
Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты,
Калбагыдай болуп кийин кайгырып.
Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин,
Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин.
Арнап жазган ушул бир сап ырымды,
Ар бир досум угуп мени эстесин.
Кайырма:
Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : Э.Уметалиевдики
Сабалап сагынганда,
Санаага кабылганда,
Махабат - чоң дайра,
Агып барат сага.
Кымбатым күткөн кечте,
Үмүтүм үзгөн кезде,
Элеси көз алдымда,
Эрмеги түшсө эске.
Кайырма:
Арбап сүйүү-махабат,
Албырып жүз жашарат.
Ансыз адам жашабайт,
Жаштыктын көркү,
Жалыны, өртү!
Теребел да кулпурат,
Бир сага деп умтулат.
Коштоп ырдап аны,
Булбул сайрап,
Бүлбүлдөйт жарып.
Өмүрдүн тирегиндей,
Өспүрүм тилегиндей,
Аруулуктан бүткөн,
Арзып адам күткөн.
Жакшылык илебиндей,
Жалпыга тиет бирдей,
Күткөндөй көктөм жазды,
Сүйүүнү күтпөйт кимдер?
Кайырма:
Жарык дүйнө тааныткан,
Менин апакем.
Жарыгың экен мен үчүн,
Айга, күнгө тең.
Эрке кызың эмгегиң,
Актасам - деген.
Бой жетсем да түгөнбөс,
Мээримиң сезем.
Кайырма:
Апакем ай, асманымда,
Жаркырап,күлүп турган күндөй сулуу.
Апакем ай, жарыгымсың,
Мээрим төгүлгөн.
Апакем ай, асылзада,
Эң ыйык эне - деген атың улуу.
Таазим кылып өтөм өмүрдө.
Апакем ай.
Өмүр - деңиз, апаке,
А сен кемесиң.
Балдарыңа бак тилеп,
Сүзүп келесиң.
Таттуу уйкуңду бөлүп,
Кирпик ирмебей.
Таңдан кечке жолум карап,
Күтө бересиң.
Кайырма:
Сөзү : А.Тоотаевдики
Обону : С.Эркебаевдики
Коштошууга колум барбады,
Өз сүйгөнүм мени алдады.
Жалооруп мени карап,
Көздөрүң балбыл жанат,
Ардагым.
Унуткун деп кыйнадың мени,
Унутууга аргам барбы эми?
Сүйөм деп айткан өзүң,
Күтөм деп берген сөзүң, убадаң.
Акырында сен келдиң мага,
Капа болбо сүйгөнүм мага.
Жалооруп сени карап,
Көздөрүң балбыл жанат,
Ардагым.
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Кайгырбачы, кан досум,
Жашоодо бар кайгыруу.
Айрылдым деп муңканба,
Турмушта бар айрылуу.
Сагындым деп саргайба,
Адамда бар сагынуу.
Тирүүлүктө таарынуу бар,
Жаңылуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып, кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Сабыр түбү сары алтын,
Сабырдуу бол, жан досум.
Таш ыргытса бир арам,
Аш ыргыткын, кан досум.
Кары сөзүн капка сал,
Достун сөзүн угуп ал.
Бул жашоодо жаңылуу бар,
Таарынуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып, кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Бул бир келген өмүрдө,
Кир калтырба көңүлгө.
Сыйлашып өт эл менен,
Ошол жакшы өмүрдө.
Жашоо – күрөш, тайманба,
Акмак айтса арам сөз.
Жан кейитип арданбай,
Колдон келсе сыйлашып өт бул жалгандан.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып, кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Сөзү : К.Качкынбаева, Ж.Турсунбаевдики
Обону : М.Ниязовдуку
Тарыхы бар нечен,
Ынтымагы дайым бекем.
Ала-Тоо - бешигим,
Башым ийип, таазим этем.
Керемет аймагы,
Желбиреп турсун байрагы.
Булагың таш жарып,
Булбулдай сайрагын.
Кайырма:
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт,
Өзүңсүз атпайт таңым.
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным,
Аябай тамчы каным!
Мекеним, медерим,
Ыйыксың, аны сеземин.
Түбөлүк сактайбыз,
Түшүрбөй бийик желегиң.
Баарыбыз бул тапта,
Баркыңды сезбей турсак да.
Кемитпей беребиз,
Келечек урпакка.
Кайырма:
Менин алтын уям,
Бакытымдай туям.
Уча бер оболоп,
Бардыгы оңолот!
Кайырма:
Табияттан туң ирет, туңгуюктамын тушалгандай,
Тагдырымды ким билет, таамай талдуу бир муш алгандай.
Тизе бүгө бүк түштүм алсыраймын, кансырагандай,
Жарадармын жүрөктөн жарым жанымдан сурагандай.
Кайырма:
Жалынам жанымдан кайтарып берчи,
Сур булуттун арасында сенсиз адашкам.
Жалынам, жанымдан кечиргин мени,
Бейкүнөө эт жүрөгүмдү кайтарып берчи.
Кубаладың кусалыкты, куру кыял чуу салдыкпы кайра,
Душман кылдың жан дүйнөмдү, туштап соккон кан жүрөктү жайлап
Тамырымдын согушунан сездим сезим адашканын сага
Жаңы ырымдын добушунан туйсаң болду жадаганым жана.
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Гүл бакчаны аралап,
Экөөбүз бирге жүрөбүз.
Көз артышат бизди карап,
Баарысы, жашы-карысы.
Көз тийдиби, суук көздөр,
Билбедим, көздөр тийдиби?
Биздин сүйүү муздап барат,
Барган сайын муз болуп барат.
Кайырма:
Сен мени алдадың,
Алдадың, дагы-дагы алдадың.
Мен байкуш алдандым,
Алдандым, дагы-дагы алдандым.
Сен мага сүйөмүн,
Сүйөмүн деген сөздөрүң кайда?
Мен болсо, ишенип,
Ишенип жүрүпмүн кайра-кайра.
Деген сөздөрүң кайда?
Ишенбеймин эми сага, сага.
Алдадың, алдадың мени...
Менин болгон сүйүүмдү,
Өчүрдүң болгон сүйүүмдү.
Ишеничим түгөндү сага болгон,
Баары түгөндү...
Эми жалгыз кетсемби,
Жер жүзүнө тентип кетсемби?
Же болбосо, бул Ааламды,
Колум шилтеп, таштап кетсемби?
Кайырма:
Я по улице один иду,
В чувственном бреду.
Две недели по ночам не сплю,
И ищу мечту.
Небожительницу нежную,
Эту девушку прелестную,
Девушку-мечту.
Кайырма:
Боль моя, та девчонка белокурая,
О которой все мечтаю я.
Света неба у неё глаза,
Умираю без тебя.
Плачет сердце и болит душа,
Ты такая у меня одна, девушка-мечта.
Надо мной смеялись без конца,
Говорили мне:
Как ты мог влюбиться в ангела,
В ангела во сне?
Сон в реальность я перенесу,
Непременно я её найду,
Девушку-мечту.
Кайырма:
Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : Э.Жоошевдики
Ай-ий, Манас ата калтырган бул белеги,
Ой-ий, Мекен үчүн чептей туруп берели.
Ай-ий, элине тийген кереги,
Ой-ий, урпактар өссүн береги.
Ай-ий, жүрөгүң арнап бергин сен элиңе,
Ой-ий, гүлдөтүп булак болуп бер жериңе.
Ай-ий, күч кошуп элдин демине,
Ой-ий, алдыга умтул темине.
Ай-ий, кыргыздын элин даңктайлы!
Ой-ий, кылымга аны сактайлы!
Кайырма:
Асылым айдагы,
Күмүшүм күндөгү,
Кумардын күбөсү,
Жылдызым түндөгү.
Сүйгөн жокмун көздүн сулуусун,
Күткөн жокмун сөздүн жылуусун.
Бакытымды байлап бергенмин,
Махабаттын тандап улуусун.
Мезгил өтөр, күндөп, ай өтөр,
Менде дагы сүйүү гүлү өсөр.
Кимде күнөө талдап биле албайм,
Кирсиз сезим жана албай өчөр.
Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным,
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин жыттанып
Кайырма:
Табылганым таптым сезилет,
Тармал чачың сылай эзилем.
Талаайымдын таңын атырган,
Таң сулуусу сенсиң керилген.
Илебиңе күйдүм алсызмын,
Илдет чапты сенсиз жалгызмын.
Тандап алган жүрөк бутасы,
Түгөйүмүн сиздей жалгыздын.
Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин, жыттанып
Кайырма:
Эсиме алсам мен сени,
Жаш келет го көзүмө.
Сулуу дешти эл сени,
Сырдашкан бир күндөрдө.
Ошол жыргал кезде мен,
Өзүң менен тааныштым.
Эгер болсо чын сүйүү,
Неге менден алыссың?
Кайырма:
Сагынычтан кол булгап,
Махабатым алсырайт.
Коштоштуруп сен менен,
Эт жүрөгүм кансырайт.
Махабат деген ушундай,
Капа болбо, досум ай.
Экөөбүзгө арналган,
Тагдыр иши ушундай.
Жан дүйнөмдө сезимдер,
Муңайган дарт көзүңдө.
Сүйө албадым, жалгызым,
Коштошордо өзүңдү.
Бакыт башка конбоду,
Тагдыр жазса болгону.
Махабаттын кыйышпай,
Эки айрылды жолдору.
Кайырма:
Жаңылдым, жаздым, ойлобой туруп,
Тагдырдын мага жазганын.
Жабыркап турам, өрттөнүп-күйүп,
Өксүдү менин жаш чагым.
Кайырма:
Таарынбайм сага, таарынбайм сага,
Таң бердим жазган тагдырга.
Жүзүмдү тостум, жүзүмдү тостум,
Жаздагы жааган жамгырга.
Тамчыла жамгыр, тамчыла жамгыр,
Тамчы суу болуп мүрөктөй.
Тазартчы мени, тазартчы мени,
Жашартчы мени жүдөтпөй.
Эзилди жүрөк эстесем сенин,
Эркелеп сүйлөп жатканың.
Азгырып анда, ай-күнгө теңеп,
Арзуумду сага айтканым.
Кайырма:
Сөзү : Бегиштики
Обону : А.Такырбашев, Армандыкы
Ай десең, айга окшош,
Күн десең, күнгө окшош,
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Ак куудай, Ак мөөрдөй,
Айсулуу, айчүрөктөй,
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Суйкайган, сулуу келишкен,
Сулуусуң, кыргыз периштем.
Асмандагы айдай сулуулар,
Ай-чырайы күндөй жылуулар.
Айсулуунун баары кыргызда,
Айчүрөктөй болгон нурлуулар.
Көктөгү жылдыздардай,
Көркөмү шире-балдай.
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Кызарган кызгалдактай,
Кымызы ууз каймактай,
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Суйкайган, сулуу келишкен,
Сулуусуң, кыргыз периштем.
Кара жорго минген сулуулар,
Каныкейдей болгон улуулар.
Ханышалар чыккан кыргыздан,
Курманжандай Датка кыйындар.
Узун, кара каштуу сулуулар,
Урпагында толгон улуулар.
Ургачыдан чыккан кыргызда,
Уркуядай болгон кыйын бар.
Жаңы жылым келди бүгүн жаңырып,
Жакшы маанай, шаттык бизди азгырып.
Бакыт каалай түгөнгүс баарына,
Жанып турсун, жаңы күн алдыда.
Кайырма:
Канкей ырдайлы, шаттыкта бийлеп,
Кол көтөргүн бийик, жакшылык тиле.
Канкей ырдайлы, шаттыкта бийлеп,
Кел жаңырып жаңы жыл.
Аппак кардай тазарсын ой- тилек,
Жамандыкта абай болсок экен.
Жаңы жылың кут болсун бүт калкым!
Жакшылыктар көп болсун ар дайым.
Кайырма:
Эски жылда өттү, калды баары артта,
Жаңы жылда койдук, биз кадам алдыга.
Дастаркондо айтылсын каалоолор,
Тартынбастан сен көтөр бокал.
Кайырма:
Апакебай, актаар бекем үмүтүң?
Алыс кетсем, сагынасың күнү-түн.
Уктабайсың, сапар тартсам мени ойлоп,
Убайым жеп, убайым жеп кайтканчакты мен үчүн.
Кайырма:
Апакебай, эмгегиңди билемин,
Бул жашоодо таянар тоом тирегим.
Белек кылып берээр элем бар болсо,
Мүрөк суусун, жаштын күчүн, илебин.
Өмүр тилеп, ооруп калсам санаа жеп,
Бар жакшылык, бул дүйнөдө сага бек.
Балам - деген, бар жашоосун бизге арнап,
Эне күчү, эне күчү эмне деген керемет?
Кайырма:
Апакебай, жап-жаш болуп дайыма,
Оорубастан, узак жаша дагы да.
Урмат көрүп, сый үстүндө жүрүңүз,
Жаштык каалайм, жаштык каалайм ар өмүр жазында.
Кайырма:
|