|
|
Сөзү : Н.Садыровдуку
Обону : М.Абдраев, А.Аскаровдуку
Күнгө теңебейм,
Мөлтүрөп жүзүң, берекем,
Эркелетем, эч кимге бербейм.
Сага байланам,
Садагам, келчи кайрадан,
Жылдыздай жанам кумарыңдан.
Сага деген сезим менен,
Бир өзүмдү арнап келем.
Кандай аздык жалгыз гана,
Жүрөгүбүздөн сүйүү деген?
Мага деген мээримиңден,
Созулган кирпигиңден.
Ой да терең сени менен,
Түбөлүк жандап жүрүү деген.
Күнгө теңебейм,
Мөлтүрөп жүзүң, берекем,
Эркелетем, эч кимге бербейм.
Сага байланам,
Садагам, келчи кайрадан,
Жылдыздай жанам кумарыңдан.
Эх, карындаш, мени мынча кыйнадың?
Маяк берип, күнү-түнү тынбадың.
СМСтен сен сүйүүңдү мага арнап,
Чынбы-калппы түрдүү ырды жазасың.
Көргүм келет мен да сенин жамалың,
Телефон чалсам, кылыктанып, албайсың.
Табышмакты бекем катып сен мага,
Тартынасың, неге жообун айтпайсың?
Кайырма:
Эх, карындаш, сырыңды сен катпа,
Маяк кылып ойго мени салба.
Эгер оюң мендик гана болсо,
Уяңсырап, кездешүүдөн качпа.
А, балким, сен мен жөнүндө биринчи,
Теле-радио, гезиттерден угуп, окуйсуң.
Кыялданып, ойго батып өзүнчө,
СМСтен ырларыңды мага жолдойсуң.
Сага жаздым мен да ушул ырымды,
Ыр түрүндө айттым сага сырымды.
Маяк бербей, телефондон түз сүйлөш,
Эх, маякчы карындашым, кылыктуу.
Кайырма:
Сөзү : Мамасадык Багышовдуку
Обону : Гүлзада Рыскулованыкы
Жан дүйнөң тапты жазын,
Ушул тап сенин жашооң.
Келечек бизге табышмак,
Мен өмүрдүн бутагы.
Жан дүйнөң тапты жазын,
Ушул тап сенин жашооң.
Келечек бизге табышмак,
Мен өмүрдүн бутагы.
Жөн эле акпайт суулар,
Жөндөн жөн учпайт куштар.
Кубулуш бар укмуштай,
Жөн эле акпайт суулар,
Жөндөн жөн учпайт куштар.
Кубулуш бар укмуштай.
Бир ирмелген кирпиктен,
Бир катылган тилектен,
Бүт дүйнө жанып кетеби?
Бир ирмелген кирпиктен,
Бир катылган тилектен,
Бүт дүйнө жанып кетеби?
Эңсей берем сени, жолуккандан бери.
Жарык чачат үмүт шоола созулуп.
Кыялымда издеп, сызып учкум келди,
Асмандагы ак кууларга кошулуп.
Аппак тилек жамынып,
Алтын шакек тагынып.
Жүрөгүмдө жашайсың,
Махабатты сагынып.
Кайырма:
Жылдыздар берметтей жааса төгүлүп,
Айлана бир укмуш көзгө көрүнүп.
Махабаттын ыры турса кол сунуп,
Эркелейт кыялым нурга чөмүлүп.
Ак сүйүүмдүн гүлү ачылгандан бери,
Жүрөгүмдөн өзүң түнөк тапкансыйт.
Сүрдөп сенден, жаным эч ким айта элек,
Сүйөм деген сөздү алгач айтканын.
Аппак тилек жамынып,
Алтын шакек тагынып.
Жүрөгүмдө жашайсың,
Махабатты сагынып.
Кайырма:
Эңсей берем сени, жолуккандан бери.
Жарык чачат үмүт шоола созулуп.
Кыялымда издеп, сызып учкум келди,
Асмандагы ак кууларга кошулуп.
Аппак тилек жамынып,
Алтын шакек тагынып.
Жүрөгүмдө жашайсың,
Махабатты сагынып.
Кайырма:
Сөзү : Таалайбек Зулпуевдики
Обону : Таалайбек Зулпуевдики
Бак ичинде гүлдөп өсөт розалар,
Күн нуруна жыты буркурап.
Тентек желге жалбырагы дирилдеп,
Көңүл черин жазып кулпурат.
Кайырма:
Ах, розалар,
Ах, роза, роза, розалар,
Наздыгыңда сенин сүйүү бар.
Ах, розалар,
Ах, роза, роза, розалар,
Кызыл, агыш түстүү розалар.
Ах, розалар...
Жан дүйнөмдү кытыгылап розалар,
Сымбатына сырын жашырат.
Назик жүзү шүүдүрүмгө мөлтүрөп,
Сулуулугу кумар кандырат.
Кайырма:
Тартууланат сулууларга розалар,
Жазда дайым күлдөп ачылат.
Табигаттын назик жыпар жыттуусу,
Көздөрүңдүн жоосун алышат.
Кайырма:
Мало кого удивит,
Или хоть чуть огорчит.
Что эту толику дней,
Мучают мысли о ней.
Ведь говорят, что нельзя,
Так изнурять их сердца.
Но я ничем не могу,
Помочь ему.
Ее как будто нету, а он по белу свету,
Летит не различая силуэты.
Кидая безразлично, их взгляды так циничны,
И опускаясь он кричит: "Ну где ты?"
Крыльями ветра по всему свету,
Будь посмелей, беги за ней.
Весенней прядью, безумья ради,
Ты без оглядки беги за ней.
Пусть на земле гаснет свет,
Все равно да или нет.
Главное все, что в тебе,
Это так нравится мне.
Я уплыву за тобой,
Через морские прибои.
И потеряю счет дней,
При мысли о ней.
Бетонные портреты, конвертные секреты.
Влюбленных разлучает невзначай судьба.
Ночами согревая, улыбкой окрыляя,
Когда ж ты осознаешь - нет ее важней.
Тебя ведь рядом больше нету (Просто беги за ней)
А я ищу по белу свету (Просто беги за ней)
Крыльями ветра по всему свету,
Будь посмелей, беги за ней.
Весенней прядью, безумья ради,
Ты без оглядки беги за ней.
Просто беги за ней...
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Замир Мырзаныкы
Карагаттай жалжылдаган көздөрүң,
Жан дүйнөмдү эзип карайт мени.
Турмуш мени гүлгө айлантса чөлдөгү,
Булут белең төгүлгөн, аяп мени?
Ай-ий, айдай сулуу пери,
Ай-ий, арнайм сага сезим.
Ай-ий, көздөрүң, ай, сенин,
Качан байкайт мени?
Айтчы деги.
Кайырма:
Жалгызым жүрөгүмдүн теңи,
Карагат көздөрүң, ай, сенин.
Ар дайым сага арналат сезим,
Бакытка толуп турган кезим.
Жаңырган шыңгыр күлкүң жүрөктү эзгени,
Жаным, мага жагат.
Жан дүйнөм жалгызсырап,
Жаным сыздап турган кезде,
Жолуктум жалгыз сага.
Ай-ий, мөлтүрөгөн,
Ай-ий, көздөрүңдөн,
Ай-ий, ай жүзүңдөн,
Ай-ий...
Ай-ий, аралайбыз бирге дүйнө кенен,
Ай-ий, ар бир күндө сүйө берем,
Айдай сулуу каректериң үмүт берет.
Кайырма:
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : М.Ниязов, Замир Мырзаныкы
Таалай, бакыт, эрмегим,
Татынакай берметим.
Келген өңдүү периште,
Келишимдүү келбетиң.
Сүйүү болсо дарыя,
Толкун болуп мени терметтиң.
Жан дүйнөмдү жылытаар,
Жамалыңда жылдыз бар.
Көркөмүңө мен тургай,
Көз артышат булуттар.
Сенин махабатыңсыз,
Секетим, мага бул дүйнө тар.
Кайырма:
Жалгызым, жарыгым,
Жарымым жаралган бактыма.
Жалгызым, жарымым,
Сени сүйөмүн,
Сени сүйөмүн!
Жарык берген чырагым,
Жанып бирге ынагым.
Жашообузду айрыба,
Жараткандан сураймын.
Бирге татып өтөлү,
Мөлтүр, тунук сүйүү булагын.
Сүйүү сулуу, сүйүү кооз,
Сүйбөй өткөн жан болбос.
Бакыт болуп мен үчүн,
Сүйлө, ырда, обон соз.
Күндө келчи жолумдан,
Күтүп мени, күлүп-жайнап тос.
Кайырма:
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : А.Аскаровдуку
Жамалыңды көрүп сенин мен суктанам,
Чырайың мүрөк суудай кандырган.
Шыбырап, шыбырап айтамын өзүңө,
Карагат, карагат суктанам көзүңө,
Баратат, баратат бир сенин сөзүңө жүрөгүм эригип.
Кайырма:
Айдай сулуу периштем, мүчөң келишкен,
Тартынбаймын мен ырда, периштем.
Самаганым сен ак куудай керилген,
Ойлорумда сен асылым, эркем.
Кылыктанып турсаң дайым сен мага,
Кыялымды алып учасың алыска.
Шыбырап, шыбырап айтамын өзүңө,
Карагат, карагат суктанам көзүңө,
Баратат, баратат бир сенин сөзүңө жүрөгүм эригип.
Кайырма:
Губ твоих коснется летний дождь,
Знаю, в этот вечер ты придешь.
Ночь построит нам с тобой мосты,
За поворотом ждет тебя такси.
Кайырма:
Ты далеко, я это знаю,
Просто сейчас мне не хватает,
Вновь сказать, что я тебя люблю.
Я готов дать тебе ответы,
И могу спорить до рассвета,
Потому что, я тебя люблю.
Твой простой, привычный тон,
Говорит - "Пойми".
Нереальных слов причин,
Прошу, не говори.
Ты узнаешь по часам,
Где нам снова быть.
Я хочу с тобою жить!
Кайырма:
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жалгызсырап, сенсиз кыйналдым,
Сур булуттай сыздап, ыйладым.
Кайрылбай кеттиңби, алыстап жанымдан.
Айрылтып эздиңби, жыргалымды алып кеттиңби?
Кайырма:
Таарындым тагдырга,
Өзүңдөн айрылганда.
Көңүлдү соолутуп,
Ак сүйүүмдү айланткан арманга.
Жалдыраган көздөрүң калды,
Сооротчудай сөздөрүң барбы?
Жалгызым сездиңби буулукканымды,
Же жылдыз аралап учкун сымал учуп кеттиңби?
Кайырма:
Адат менен өткөн түн эле,
Эсимде жок, түнкү үч беле?
Байкамаксан бийлеп,
Кирпиктерин ирмейт, тимеле.
Токтой турчу, кетпе, каралдым,
Билбейм жаным, неге барамын,
Балким, сенде мен издеген сүйүү таңы.
Кайырма:
Оо, жаралуу жүрөк,
Оо, жалынып сүйлөйт.
Оо, кечирчи мени,
Колуңду берчи.
Сүйөмүн дечи,
Сүйөмүн дечи…
Кагылгандай жыла албай калдым,
Кабыландай сенин кабагың.
Какпайт белең мени,
Жүрөк деми эми ээриди.
Баарын айтам, сөзгө бек турдум,
Баратканмын, бирок шарт бурдум.
Алсыздандым, айта албадым сага баарын.
Кайырма:
Оо, сүйүп барамын,
Оо, күйүп жанамын.
Оо, куткарчы мени,
Колуңду берчи.
Сүйөмүн дечи,
Сүйөмүн дечи.
Эзилем эрдиңден, элжиреп эргигем,
Элестеп термилем.
Эркелеп басканың, эргитет кадамың,
Эңсеймин, ардагым.
Жагымдуу күлкүң, жамалың сүйкүм,
Жанып турчу ар дайым.
Жалгыз сага шашылам, татынам,
Тартылам…
Кайырма:
Айдайым, арнаарым, аткан таңдарым,
Ааламдан айланып, аяп караарым.
Айдайым, арнаарым, аткан таңдарым,
Ааламдан айланып, аяп караарым.
Тартууланган бактым сен, табиятта таттуу сен,
Тамшанамын дайым мен.
Жан дүйнөмө берип дем, жаным бирге, дүйнөм кең,
Жалгызым керилген.
Жагымдуу күлкүң, жамалың сүйкүм,
Жанып турчу, айдайым.
Жалгыз сага шашылам, татынам,
Тартылам…
Кайырма:
Сөзү : К.Тайчабаровдуку
Обону : А.Садырованыкы
Бул өмүрдө бактылумуун, сүйгөн жаным сен,
Жүрөгүмө эгип койдуң сүйүү данын сен.
Бир өзүмө тартуулайсың гүлдүн баарын сен,
Сени менен таттым окшойт бакыт даамын мен,
Жаным сен...
Кайырма:
Күлүп кой, бир жүрөк жылысын
Жашоонун сен жарык нурусуң, нурусуң.
Өзүңсүз бул жашоо кызыксыз,
Бактылуу күндөрүм сен мене, бакытым сен.
Ак сүйүүмдү баалай алган жалгыз өзүңсүң,
Махабаттын гүлүн ачкан тунук сезимсиң.
Жүрөгүмө жалын чачкан жылуу нур сенсиң,
Бүт өмүрдү арнай турган жаным бир сенсиң,
Сезерсиң...
Кайырма:
Күлүп кой, бир жүрөк жылысын,
Жашоонун сен жарык нурусуң, нурусуң.
Өзүңсүз бул жашоо кызыксыз,
Бактылуу күндөрүм сен менен иргелген.
Күлүп кой, бир жүрөк жылысын,
Жашоонун сен жарык нурусуң, нурусуң.
Өзүңсүз бул жашоо кызыксыз,
Бактылуу күндөрүм сен менен, сен менен.
Алтыным, менин асылым -
Жалгыз өзүң.
Сүйөмүн, сен деп жүрөмүн
Тунук сезим.
Өчпөсүн сүйүүбүз, бир бололу,
Колдоп койчу, мен сендикмин.
Коргоп койчу, жалгызым сен,
Жактырам мен,
Жаншерик сен,
Жаныңда мен...
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Назданып басып, тоготпой бой саласың,
Сүйлөсөм укпай, кыялданып качасың.
Сулуусуң айдай, нур жүздүү чырайың бар,
Суусаткан жүрөк сүйлөсөң сөздөрүң бал.
Кайырма:
Ичтеги сезимди жашырбай айтайын,
Ирмелтип көздөрүң, жанымдан качпагын.
Жаралган тунук жүрөктөгү сүйүүмдү,
Сага арнайын.
Кыйнабай мени, аячы көңүлүмдү,
Кыялбай сени, сан ойго бөлүндүмбү?
Кымбатым болуп жашайсың кыялымда,
Кылчайып келчи, айланып жыргалыма.
Кайырма:
Тоолор, бийик тоолорум,
Зоолор, көрктүү зоолорум.
Мен сени алыстан сагынып келемин,
Эңсеп бир кең, сүйкүм элесиң.
Кайырма:
Сени унутпаймын, көпкөк тоолор,
Эңсеп бир кең сенин демиң,
Элесиңе кумар канбайт, тоолорум менин.
Көркөмүңдү эстеп, бийик зоолор,
Шаркыратма сууну бойлоп жүргөн кезим,
Түшөт эске балалык кездер.
Жазда абаң жыпжылуу,
Таңда көркүң супсулуу.
Куштарың мукамдуу кубулжуп сайраган,
Гүлдөрү жоодурап жайнаган.
Кайырма:
|