|
|
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Сардар Туркменовдуку
Үйүңөрдө жанып турсун дайым жарык,
Үмүт, тилек, максаттар да аткарылып.
Бардык жерде тосот бүгүн эл кубанып,
Жаңы жылды, жаңы күндү жаңыртып.
Дасторкондор толуп турсун түркүн даамга,
Достор келип куттукташат бул майрамда.
Элим-жерим үчүн жакшы бата тилейм,
Тынчтык болсун бул дүйнөдө көп кылымга.
Кайырма:
Жаңы жыл, жаңы жыл
Болсун бизге, жакшы жыл.
Жаңы жылда көрүп сый,
Арнашалы жакшы ыр.
Балатыны кооздоп түрлөп бүгүн мына,
Балакайлар ойноп тынбайт аны айлана.
Аяз ата, аяз кызды чакырышып,
Ыр-күлкүгө толот жер шар тебип чана.
Аппак кардын тазалыгы көз уялтат,
Айлананын сулуулугу суктандырат.
Биз күткөн үй-бүлөлүк бул майрамдын,
Түндө жанган салюттар да көркүн ачат.
Кайырма:
Жаңы жыл, жаңы жыл
Болсун бизге, жакшы жыл.
Жаңы жылда көрүп сый
Арнашалы жакшы ыр.
Сөзү : Айардыкы
Обону : Айардыкы
Сөзү : Цой Лев Александрович
Обону : Айардыкы
Сөзү : Байдылда Сарногоевдики
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Сөзү : Кумара Суранбаеваныкы
Обону : Алишер Мамадалиевдики
Сөзү : Нарынбек Калыбаевдики
Обону : Нарынбек Калыбаевдики
Сөзү : Доорбек Абдрахмановдуку
Обону : Доорбек Абдрахмановдуку
Сөзү : Бахрам Азимовдуку
Обону : Бахрам Азимовдуку
Биздин башка эмне келип кетпеген?
Эң башкысы амандыкка жетпеген.
Кайда жүрбө, кандай күнгө кабылба,
Досум, кайгырба, тагдырга.
Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.
Кыянат кылба тагдырыңда не бар билбейсиң,
Бой көтөрбө сен өлүм үчүн бирдейсиң.
Түбөлүк жашоо болбос, досум, ойлон ушул дүйнөдөн,
Даяр бол, балким, эртең биз да кетербиз.
Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Жалган жашоо дүйнөдө,
Жаңылбагын, досум, ай.
Алтын башың аманда,
Шүгүр кылгын кайгырба.
Кайда жүрбө, кай жерде,
Тагдырыңа таарынба.
Кээде өйдө, кээде жай,
Жашоо деген ушундай.
Өмүр өтүп баратканын,
Сезбейбиз го байкабай.
Кайырма:
Сөзү : Өмүрбек Доолоевдики
Обону : Атайбек Бодошевдики
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Негедир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
Сага айланып жашай берем күндөрдү
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
Ойлорума күнү-түнү ширелип
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Кайырма:
Элим үчүн жүрөк оорусун,
Жерим үчүн жүрөк оорусун.
Элим үчүн жүрөк оорусун,
Жерим үчүн жүрөк оорусун.
Асманда учкан ак кептер,
Айланып кайтып бир келер.
Атадан калган асыл жер,
Арманым айтам укса эл.
Кайырма:
Жалындуу жүрөк тутанып,
Жашоого жаным чырмалып.
Турмуштан туура жол таппай,
Жүрсөм да элден, жерден адашып.
Кайырма:
Аманат айтам агайым,
Анты бар ар бир жигиттин.
Атадан калган жер үчүн,
Ападан калган эл үчүн.
Кайырма:
Ардагым, сагындым бүгүн элесиңди,
Жолдоруңа гүл чачсам келесиңби?
Кучагым нурга толгон, ойлорум сенде болгон,
Кусалыгым, карындашым, сезесиңби?
Кайырма:
Айдай бир чүрөгүм жаным,
Арбадың сезимимдин баарын.
Арманым өзүң болдуң кантем, ай,
Жүрөгүм махабатка толгон,
Ойлорум сенде гана болгон,
Сезбейсиң неге аны аттиң, ай.
Жолукканда бек кысып кучагыма,
Коё бергим келбейт жаным кусамын да.
Жүргөндүрсүң сагынып, ак жоолугуң салынып,
Сени менен бийиктерге учамын да.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Мирлан Ниязовдуку
Сөзү : Качкын Абдыкадыровдуку
Обону : Качкын Абдыкадыровдуку
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Эркин Мээркановдуку
|