|
|
Сөзү : Бермет Мадывраимованыкы
Обону : Мирбек Иманбековдуку
Сөзү : М.Макатаевдики
Обону : К.Ибраимовдуку
Сенин көзүң чексиз терең,
Сезимиме жаралган.
Сенделемин сага жетпей,
Секетим, ай бар арман.
Чырайыңан күн уялып,
Гүлдөр кубат ала алган.
Жоолугуңа куп жарашып,
Чачың кундуз карарган.
Каректериң шуру сымал,
Карагаттай шактагы.
Үлбүрөгөн жүзүң сенин,
Жүзүң аппак пахтабы?
Сылагандай саамайыңдан,
Сыдырым жел ак таңы.
Магдыраттың мени, жаным,
Махабаттын асманы.
Шыңга боюң, тула боюң,
Чыбык бекен, тал бекен?
Жамалыңдын тунуктугу,
Жаздагы аткан таң бекен?
Күлкүң булак шыңгыр добуш,
Сөзүң асел бал бекен?
Бул дүйнөдө мен эңсеген,
Сендей сулуу бар бекен?
Сөзү : Токтогул Сатылгановдуку
Обону : Токтогул Сатылгановдуку
Сөзү : Ж.Абдраимовдуку
Обону : Н. Насиптики
Сөзү : Альфараби Бекрасул уулунуку
Обону : Түрк элиники
Сөзү : Турдали Иматовдуку
Обону : Мамажан Козубаевдики
Сөзү : Нарсулуу Гургубаеваныкы
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза...
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким, мага эртең бирөө кат жазат.
Отурамын сүйлөбөй да, эстебей,
Эңшерилткен эски сүйүү кайгысын.
Мына дагы жүрөк согуп чечкинсиз,
Мына дагы түшүп барат кан басым.
Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза...
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким мага эртең бирөө кат жазат.
Жалгыздыгы бөксөрсүн деп ушунун,
Балким, мага бирөө узун кат жазат...
Сөзү : Нурак Абдырахмановдуку
Обону : Нурак Абдырахмановдуку
Сөзү : Урмат Усеновдуку
Обону : Урмат Усеновдуку
Сезбей койдуң, эзмей болдуң жүрөгүмдү,
Дале качам калсак эле карашып.
Жыттай албай, уктай албай жүргөнүмдү,
Бир билсең го калмак элек жарашып.
Күлөмүн ай, ай, айла жок күлөмүн ай, ай, ай,
Жүдөдүм ой, ой, жүдөдүм, жүдөдүм ай.
Күбөмүн ай, ай, сүйлөсөң бийиктерден сүйлөгөн,
Жүрөмүн күлүп, жөн гана жүрөмүн, ай.
Болбой койдуң, соймой болдуң махабатым,
Ишенип кой сага болгон сезим ак!
Билбейм неге бир өзүңө жага албадым,
Сезгениңде түбөлүккө жашамак…
Жүрөгүм ай, ай, жүрөгүм, жүрөгүм ай, ай, ай,
Жүдөдүм ой, ой, жүдөдүм, жүдөдүм ай.
Сезимин арнап, алдыма гүл көтөрүп келет деп,
Жүрөмүн күтүп, өзүңдү жүрөмүн ай.
Ой, бул махабат,
Айттым беле сага.
Ай, бул махабат,
Жүдөдүм жүрөгүм жүрөдүм…
Сезбей койдуң, эзмей болдуң жүрөгүмдү,
Эми кантип кайра өзүңдү каратам?
Жандай албай, кармай жандай албай жүргөнүмдү,
Билсең кана алоолонуп баратам…
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Азиз Алиевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аскар Бержибаевдики
Күндөр өттү сүйкүм жатаканада,
Дос болуп кыз балага, барбай сабакка.
Мен да ушундай күндү кечиргем,
Уктап далай кечиккеним кетпейт эсимден.
Өмүрдүн ушул кызыгын
Турмуштун жаңы көргөн бул учур,
Биринчи сыноодон аша турчу кыр ушул
Баёолук сезимден келген бизге бул учур
Жүрөгүмдө калган жетпей арман
Кайырма:
Окуу жай, окуу жай,
Сенде калды жаштык кездер, ай.
Ырга толгон бакыт кечтери, ай,
Ошол күндөр, ай, студенттик күндөр, ай.
Бир далай сенде калды жаштык кездер, ай.
Ырга толгон бакыт кечтери, ай, ошол түндөр, ай,
Студенттик күндөр, ай.
Билим карай келген байлап үмүтүн,
Жаштык кезден бир үзүм өткөн күн үчүн,
Жаңы дүйнө менен достошуп
Максатыбыз шат кошуп,
Жүрү жакшы окуп.
Өмүрдүн ушул кызыгын
Турмуштун жаңы көргөн бул учур,
Биринчи сыноодон аша турчу кыр ушул
Баёолук сезимден келген бизге бул учур
Жүрөгүмдө калган жетпей арман Кайырма:
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Мирлан Баековдуку
Тагдыр калчап сага берген көңүлдү,
Таалайымдан тартып алган өңдүүбү?
Тереңине күйүп, түптөп баратам,
Термеле тигилбей кара көзүңдү.
Күдөр улап гүлүм,
Күтпө, жаным, бүгүн.
Кыйнаса да сени,
Кыйбаган сүйүүм.
Болсоң жары кимдин,
Боздоп калам билгин.
Сезим жандай түнөм,
Сен менен бирмин.
Көңүл көксөп сени күндө чакырды,
Көтөр албай күйүт берген басымды.
Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай,
Сүйүү деми мынча эрте басылды.
Кайырма:
Ишенбей акыры кош деген сөзгө,
Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө.
Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң,
Бийигине алып кетериң өзгө.
Кайырма:
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Жылдыз болуп күнүгө,
Жарык чачат үйүмө.
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Үйүм толо күлкүгө.
Кайырма:
Балам, балам, жан балам,
Ананайын садагам.
Элим аман болсун деп,
Атыңды койдум Эламан.
Аман, аман, Эламан,
Гүл белемсиң, садагам?
Жыттап, жыттап тойбоймун,
Ананайын жытыңдан.
Балдан ширин сөздөрүң,
Бүлбүл жанган көздөрүң.
Шириним, ай, шириним,
Узун болсун өмүрүң.
Ата-энеңдин бактына,
Эр жетилгин, садага.
Талыбастан канатың,
Пайдаң тийсин журтуңа.
Кайырма:
Сөзү : Орозбек Сапаровдуку
Обону : Орозбек Сапаровдуку
|