|
|
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамаал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай
Кайырма:
Кадырлап бир кат жазамын,
Капамды мен качан ачамын?
Катымдын жообун кайра жаз,
Деги сынбасын менин назарым.
Айыл бир сенин турагың,
Айылдаш, эсен турамын.
Каттаган-өткөн кишиден,
Деги билмексен болуп сурадым.
Карайып кашым коюлган,
Кадырың кетпейт оюмдан.
Сагынсаң ай салам жаза жүр,
Деги сабатың сенин жоюлган.
Караймын ай эрте жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Кат сабатың сенин жоюлган,
Деги кайтаргын эрте жообуңду.
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки, ай эсимде.
Ааа-иий,оо-о иий эсимде...
Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки, ай эсимде.
Ааа-иий,оо-о иий эсимде...
Айлана жашыл шибер, керемет,
Асмандан жамгыр төгөт себелеп.
Мен дагы жамгыр коштоп ырдаймын,
Жазда сени эмнегедир келет деп,
Жамгыр менен төгүлөмүн сени эстеп.
Кайырма:
Төкчү жамгыр, төк жамгыр,
Токтобостон төк жамгыр!
Сүйгөнүмдүн жүзүнөн сүйчү жамгыр,
Өп жамгыр...
Жамгыр төгөт, моюн ылдый куюлат,
Жан дүйнөм да жай таба албай буюгат.
Тамчылары ак жамгырдын негедир,
Таанышымдай жүрөгүмө угулат,
Таанышымдай жүрөгүмө угулат.
Кайырма:
Акыры жамгыр төгүп, басылды,
Аттиң ай, ал жамгырдын аздыгы.
Алтыным, сага болгон сүйүүмдү,
Алып барат ошол сүйүү жамгыры,
Алып барат ошол сүйүү жамгыры.
Кайырма:
Сөзү : А.Бекешовдуку
Обону : Н.Турсунбаевдики
Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Ата албайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен.
Жеткичекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десең сулуу ай жетээр элем,
Көк деңизин булуттун кечээр элем.
Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көк,
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
Сөзү : Ш.Абдрасулова
Обону : Ф.Султанованыкы
Алгачкы ирет жолукканда,
Арбап турган каректериң.
Сен коштошуп кетериңде,
Өзүмдү алдап мен келет дедим.
Кайырма:
Ошондогу сен экөөбүз,
Таанышкан күн эсиңдеби?
Дале менин көз алдымда,
Кубанычтар сезимдеги.
Узаатаарда жүрөгүңө,
Башым жөлөй сен сүйөм дедиң.
Ак жүзүңдөн мен аймалай,
Кыналышкан эрдиңе эрдим.
Кайырма:
Биз таанышкан ошол күндү,
Эстей жүрсө экен деймин дайым.
Жашоомдогу бир жаралган,
Менин күнүм сен, менин айым.
Кайырма:
Сүрөт калат, күлүп карап,
Кантемин дейсиң, кантем дейсиң,
Аны мезгил унуткарат.
Сүйүү дебе, күйүү дебе,
Кайрылбас ал кез, баары өткөн,
Ал күндү азыр эстебе.
Кайырма:
Ал мен эмес, ал мен эмес,
Ал менден калган бир элес.
Экөөбүз барчу жолду бузган,
Сүйүү мерез, сезим мерез.
Гүлдү сунба, арман кылба,
Кайрадан баарын баштайм дейсиң,
Ал күндөр өткөн, сагынба.
Өчүп санаа кетет бара,
Экөөбүз түшкөн сүрөттөрдү,
Суранам, эми караба.
Кайырма:
Өмүрүм өрттөп, өзүңсүз тостум таңдарды,
Өкүнүп келем тагыдырым коштоп армандуу.
Бакыттын кушун учуруп ийдим бир келген,
Баркыңды билип, баалаган мендей жан барбы.
Барайын десем, бара албай,
Көзүмдү сага алалбай.
Жараткан берген белегин,
Өзөгүм өртөп келемин.
Өзүңдүк болуп кала албай,
Алыстагы асыл затым.
Өзүңдү жоктоп кан жолдо турам муңайып,
Өзүңө алып кайра эле жөнөйт бир алып.
Тагдырдын изин биз баскан жолдон издедик,
Тагдырым болгон таркабас менин кумарым.
Кайырма:
Тагдырдын жолун жаңылбай кимдер баса алат?,
Таңдарым мени айылыңа бир күн алып барар.
Өзүң деп жүрүп өмүрдүн чыгаан соңуна,
Өзүмдү,өзүм кечирбей анан жазалап.
Кайырма:
Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн, ойноп-күл,
Өмүр өтсө, жаралбайсың кайрадан.
Оо, өмүр сен жайнап турган гүлдөйсүң,
Оо, өмүр сен салкын соккон желдейсиң.
Каалагандай пайдалана бергидей,
Оо, өмүр сен колдо буюм эмессиң.
Жашчылыгым, кайда калып баратат?
Өмүр өтсө, ак чач кылып жаратат.
Тээ алыстан ак жоолугун булгалап,
Артта калдың айланайын бала чак.
Сөзү : З. Мурзатаеваныкы
Обону : Асеманыкы
Наристем, ак сүйүүмдүн данегисиң,
Нур болуп, бакытыма келээримсиң.
Көңүлүм эргий берет сени ойлосом,
Көз көрүп, ооз ачып өбөрүмсүң.
Ойлонсом эне болоор бакытымды,
Жыттагым келе берет ак жытыңды.
Ыңаалап көз жараарым күтө берем,
Наристем, жанып турган асылымбы?!
Наристем, ак батанын үзүрүсүң,
Сүйүүмдүн арууланган үзүмүсүң.
Дүйнөдө сенден ыйык керемет жок,
Шириним кубанычтан жанат жүзүм.
Нурумсуң өмүр берген таңымдагы,
Бүрүмсүң искегенде жаным жаны.
Үнүмсүң ыргагымды оболоткон,
Сен менен көктөйт тура сүйүү багым.
Гүлдөй бер күндө, зор мекен,
Агарып аткан таң менен.
Майданда, улуу сынакта,
Ширелген элибиз кан менен.
Туу көтөрүп кыргыз элим,
Баратат алга шаң менен.
Кайырма:
Кыргызстан, Кыргызстан,
Сендей жер табылбайт.
Жүрөгүбүз, тилегибиз,
Ала-Тоо менен жалындайт.
Жүрөгүбүз, тилегибиз,
Ала-Тоо менен жалындайт.
Турагым, ыйык кең мекен,
Эркиндик алдың эңсеген.
Ынтымак, достук ширелип,
Күч-кубат берет элге тең.
Барабыз алга тайманбай,
Эр Манас салган жол менен.
Кайырма:
Гүлдөй бер күндө, зор мекен,
Агарып аткан таң менен.
Майданда, улуу сынакта,
Ширелген элибиз кан менен.
Туу көтөрүп кыргыз элим,
Баратат алга шаң менен.
Кайырма:
Энекебай эгер өзүң кечпесең,
Эч убакта кутулуу жок карызымдан
Мага төккөн мээримиңди эстесем.
Уяламын, сыйладым деп айтуудан.
Энеке, энеке, энеке
Канча жылы коюнуңдан чыкпадым.
Энеке, энеке
Канча жылы көкүрөгүң жыттадым
Таң атканча он айланып эмизип,
Ак сүтүңдү мага бердиң,
Жан дилиңди мага бердиң
Бал уйкуңду мага бердиң кутманым.
Сен үйрөттүң, эмгек болду сүйгөнүм.
Иштейм ойлоп, Ата Журтту, үй-жөнүн.
Акыл-насаат сөздөрңдү унутпай,
Өзүң менен сыймыктанып жүрөмүн.
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө айла жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми таарынба.
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айлыңдан узап сен кетсең,
Алтыным деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Алыстан сапар тартып,
Айдың көч кербен келет.
Тааныштай ээрчип аны,
Көк менен булут сүзөт.
Шыңгыры коңгуроонун,
Угулат кулагыма.
Алаксыйт көңүл кушум,
Ашыктык ырларына.
Кайырма:
Сырдашым аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам соолуп,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.
Жымыңдап жылдыз көктө,
Жылгада жатсаң көрөт.
Апаппак булут менен,
Кошулуп кетким келет.
Кыйырсыз чексиз аалам,
Бар болуп калганын көр.
Ырчыга ошол дүйнө,
Тар болуп калганын көр.
Кайырма:
Кабарлап койсоң кана,
Үнүңдү угар болсом.
Үмүткө жетелене,
Сагынып күткөн болсоң.
Ак булут айтып барар,
Ак сүйүүм, махабатты.
Кербендер айтып барар,
Кусалуу жүрөк дартын.
Кайырма:
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Жалганып сезим күйбөстөй,
Жанашып бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көрүндүң бизге үндөштөй.
Башкабы, сенин, сыйлаарың?
Башкабы, айтчы, кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Солуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге кыйнадың?
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : М.Мамбетовдуку
Карагат көздөрүңдөн,
Көз албай тигилемин.
Канчалык кыйналсам да,
Бир сага ийилемин, ханышам.
Кусага дайым батып,
Өзүңдү сагынамын.
Сүйүүнүн балы болсоң,
Тамшанып малынамын, ханышам.
Үмүттүн кылын терип,
Бүтпөгөн кыялдарым.
Үнүңдү угуш үчүн,
Өзүмдү кыяладым, ханышам.
Көз артса көптөр сага,
Алардан кызганамын.
Көңүлүм сенден издеп,
Сезимдин ыргактарын, ханышам.
Кайырма:
Сен тандаган, сен жандаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Сен каалаган, сен баалаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Көңүлдөн орун алган,
Жүрөктүн демисиңби?
Өмүрдө бир жаралчу,
Жердеги перисиңби, ханышам?
Суктанам карагаттай,
Капкара көздөрүңө.
Сыйкыры катылгансыйт,
Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.
Жуурулуп сезим менен,
Жүрөккө орнодуңбу?
Суурулуп сулуулардан,
Ээледиң ойлорумду, ханышам.
Сүйүүдөн букет жасап,
Өзүңө баргым келет.
Түгөйүң болуп сенин,
Түбөлүккө калгым келет, ханышам.
Кайырма:
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : С.Жумадиевдики
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык-жалын жыргалымсың.
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик, эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан.
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
|