|
|
Бир ок менен эки коён аткым келди,
Бир убакта эки кызга жаккым келди.
Бирисинен бириси өткөн сулуу,
Бери кел деп көзүн кысып, кылат белги.
Эркесине энтигип эрте барамын,
Экинчиден эптеп чыгам, шылтоо табамын.
Билип калды биринчим, баары түгөндү,
Эки тоонун уларын эрте самдым.
Кайырма:
Коёнектер көзү тегерек,
Кетпегиле көрбөй тебелеп.
Экөөңдү бирдей жактырган,
Өзүмдү жүрөм жемелеп.
Жүрөгүм бош, көңүл да бош, кыя албадым,
Экөөсүнө үлгүрүп мен гүлүм арнадым.
Башка кызга барат ал деп сырымды ачып,
Айтып салдың, эх,досум, көрө албадың.
Кайырма:
Менин түндөгү жанган чырагым,
Сени мен суу болуп күтүп турамын.
Жамгырдын тамчысындай сүйүүм күчөйт,
Ыйык тумарым.
Карааның таппам, кайда жүрөсүң?
Кансырап, кайгыда капа жүрөгүм.
Кармадың кайыр-кошкун деп,
Колун сен бирөөнүн.
Кайырма:
Колуңду түбөлүк кармабадым,
Карындашым, сезимимди алдабагын.
Сүйөмүн, бактылуу болгун, чырагым,
Сенсиң менин ынагым.
Колуңду түбөлүк кармабадым,
Карындашым, сезимимди алдабагын.
Сүйөмүн, бактылуу болгун, чырагым,
Сенсиң менин ынагым.
Кучактап, эркелетип жүргөн күндө,
Жок болду, баары кетти, унутулду.
Сен болдуң башкага жар,
Укпай менин сунушумду.
Кайырма:
Жылдыздардай нур тамып күлгөнүңдөн,
Зарыгып, сагынычта күтүп жүргөм.
Таштаба жолго, жаным, суранаарым,
Сени сүйөм.
Кайырма:
Суранса укпас сөзүн далайдын,
Суулардай аккан күндү самаймын.
Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм,
Сени алып келчү жолду караймын.
Кайырма:
Жакшынакайым, жарк деп элесиң,
Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң?
Жашыл жарык нур жааган жол менен,
Качан келесиң, эми качан келесиң?
Кантейин күткөн кездердин көбүн,
Каалабайм сенден өзгөнүн демин
Карагым келип, караның издеп,
Карайып барат көздөрүм менин.
Кайырма:
Сүйгөнүм, бүттүм, тушалып деги,
Сүйүүсүз жашап, утабыз нени?
Кубаты сыйкыр үмүтүм элең,
Кучактап алды кусалык мени.
Кайырма:
Акылдан алып ай жүзүң келишкен,
Жашоомдо жарык тийгизген периштем.
Көңүлдү эзип назик күлгөнүң,
Жаным, өзүңсүң – жалгызым, сүйгөнүм.
Кайырма:
Сыр болуп келет,
Сага гана айтылбай.
Сен жакка аккан ай,
Сүйүүнүн мүрөгү.
Бакыт тартуулап,
Бизге гана, аттиң ай.
Керемет экен ай,
Махабат түнөгү.
Кызыл гүл болсоң, үзбөй жыттайын,
Кыйылып, алыс жаныңан чыкпайын.
Сен бакча болсоң, барып, коноюн,
Сен деп ырдаган, торгоюң болоюн.
Кайырма:
А балким, бүгүн бармын, эртең жокмун,
А балким, бүгүн ачмын, эртең токмун.
Өзүң - мылтык, өмүрүм дүрмөттөлгөн,
Атууга беленденген даяр окмун.
Оюмда кылым басып жашасам дейм,
Ансыз да, оо, өмүрүм, ок сыяктуу.
Тарс этип бир атылсам өзүм жокмун,
Жашоого эч келбеген жан сыяктуу.
Таң калба, сен да мендей пенде жансың,
Бир кезде жок болосуң, азыр барсың.
Пейил күт, мейли өзүңдү айга теңе,
А эртең эрип кетчү жазгы карсың.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Замир Мырзаныкы
Сен жүрөгүмдүн кагышындай,
Дайра болуп ташкындай,
Сезилесиң бакттын таңы аткандай.
Сен бүт дүнөмдүн жарыгындай,
Алтын күлкү, ак маңдай,
Сезилесиң сырыңды каткандай.
Кайырма:
Билсең, ардагым, күлүп барбадым,
Бүт өмүрүмдү өзүңө арнадым.
Гүл өмүрүмдү сүйүп, жыттадың,
Жан кубатым, кымбатым.
Мен бир сен үчүн болсом экен,
Башкаларга окшобой,
Дайра болуп агат элек биз эч токтобой.
Мен өзгөрүлбөс болсом экен,
Жан дүйнөмдү жоготпой,
Сезимдерге арманды жолотпой.
Кайырма:
Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим.
Ар дайым кубат жаныма,
Ак чокуң, мейкин түздөрүң.
Сууларың тунук агылган,
Бүткөндөй менин канымдан.
Учурган канат байлатып,
Уям сен жүрөк сагынган.
Мээримиң кимге теңелсин,
Мен үчүн атам-энемсиң.
Жакыным боорум тууган жер,
Жанымдан артык белемсиң.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Алдады мени ак сүйүүм,
Алмашты менин сүйгөнүм.
Тахмина сулуу бузбаган,
Тазасы барбы сүйүүнүн?
Кайырма:
Тазасы барбы?
Жалганы барбы?
Жазганым барбы?
Кайгысын эстеп ал күндүн,
Чече албай сыздайм түйүнүн.
Бегимай сулуу сактаган,
Бекеми барбы сүйүүнүн?
Кайырма:
Бекеми барбы?
Жалганы барбы?
Булактай элең сен мурда,
Булгандың эми сузарда.
Жеңил ой бийлеп өзүңдү,
Жеңилдиң беле кумарга?
Кайырма:
Жеңилдиң беле?
Кейисең деле,
Кечирбейм деле
Сөзү : А.Белековдуку
Обону : Н.Турсунбаевдики
Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Ата албайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен.
Жеткенчекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десең сулуу ай жетээр элем,
Көк деңизин булуттун кечээр элем.
Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы көрүнсө булуттуу көк
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
Өрттөй дүрт деп сезимимдин мейкини
Болот тура ушундай да, кечиргин,
Өмүрлөрдү өкүнүчкө батырган,
Бул биз үчүн эң акыркы кездешүү.
Эзилем күйүткө, ээрчитип үмүткө,
Ардагымды бир келген акым бар сүйүшкө,
Акым бар сүйүшкө, сүйүшкө.
Кой десең да акылуумун сүйүшкө,
Койнум толо кубаныч алып жүрүшкө,
Жан дүйнөмө жаралганды бир ирет
Түбөлүккө байрак кылам үмүткө.
Кол жетпес арманым, көктөгү кыялым,
Сагындырган сары убайым, түгөнбөс ырларым,
Түгөнбөс ырларым, ырларым.
Сенин көлүң бөтөн колдон ачылар,
Сенин нуруң бөтөн жерге чачыраар,
А жүрөгүм өз өмүрүм бүткөндөй,
Акыркы ирет сен деп кагып, басылар.
Өзгөрөр чүрөгүм, өзгөрөр гүл өңүң,
Өзгөрүлбөс бир гана өзүңдүк жүрөгүм,
Өзүңдүк жүрөгүм, жүрөгүм.
Кол жетпес арманым, көктөгү кыялым,
Сагындырган сары убайым, түгөнбөс ырларым,
Түгөнбөс ырларым, ырларым.
Сөзү : А.Айталиевдики
Обону : А.Айталиевдики
Өтөбөй уйку неченин,
Дайрасын ойдун кечемин.
Ажарың жүрөк жандырган,
Ак шоокум сен деп сеземин.
Көздөрүң алоо жаккандай,
Каректе көп сыр жаткандай.
Таасириң мынча сүйкүмдүү,
Жайлоодон аткан ак таңдай.
Сен турган кыштак жаркырап,
Көңүлдө элес калтырат.
Эзбесең боло жүрөктү,
Эчаккы өчүң барчылап.
Көрбөсөм көөнүм жайланбай,
Көп ишим унут калгандай.
Он минут турсам жаныңда,
Ошол күн мага майрамдай.
Кара-Шоро - кенен жайлоо, Эс алууга барганга.
Достор менен көңүл ачып, Оюн-күлкү салганга.
Кара-Шоро - кооз жайлоо, Аба салкын, арашан.
Кел, курбулар, бул жайлоого, Эс алууну кааласаң.
Тоо булагы жылт-жылт агып, Күн нуруна урунат.
Анын шаңдуу шыңгырашы, Музыкадай угулат.
Кара-Шоро - жашыл жайлоо,Шибер чөптү жамынган.
Чабандар бар, кой төлдөтүп,Баатыр, орден тагынган.
Сөзү : А.Мамыровдуку
Обону : А.Керимбевдики
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдың ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сен дагы аны сездиң бекен, туйдуң бекен?
Махабат күүсүн чертем нечен, нечен.
Бардыгы өлбөс болуп сага арналат,
Карааным карегиңде калды бекен?
Бардыгы өлбөс болуп сага арналат,
Карааным карегиңде калды бекен?
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн,
Бир атадан, бир энеден төрөлдүк.
Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне,
Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн.
Кайырма:
Аска зоо бир тууганым,
Сенсиң багым,
Бек болсун дайым өмүр жаның,
Бек болсун дайым өмүр жаның.
Бир тууганым - дарагымдын тамыры,
Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы.
Кайда барба, кандай өмүр кечирбе,
Силер менен жүрөгүмдүн жарымы.
Кайырма:
Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан,
Башкада жок мээримиңе жылынам.
Силерге деп сактап койгон түгөнгүс,
Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.
Кайырма:
Бакытка алып барчу жол алыстай,
Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели.
Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели,
Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели.
Башкалар арзый албас мага сендей,
Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү.
Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү,
Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү.
Сүйүүнү тараза менен ченебес,
Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй.
Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес,
Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй.
Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой,
Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү.
Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү?
Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Алекстики
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызын көккө таратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Эх, сүйүү, сенин көзүң жок.
|