|
|
Ой, жароокер Дүрдана,
Шыңгыр күмүш үн гана.
Булбул сайрап узаткан,
Сүттөй аппак түн гана.
Сүйгөнүм деп сүйлөсөм,
Жымың эттиң тим гана.
Ой, кара көз Дүрдана,
Шайыр, жумшак үн кана?
Булбул шактан ырдаган,
Мен тапшырган гүл кана?
Кыңырылып кылчайсам,
Кыя бастың тим гана.
Ой, колхозчу Дүрдана,
Кайрылышкан үн кана?
Кат жиберип кайталап,
Жообун алдым бир гана.
Сүйгөнүм деп сөз кылбай,
Иште дедиң тим гана.
О, кубанычым Дүрдана,
Бүт дүйнөдө бир гана.
Теңдеши жок гүлүмсүң,
Сенден артык гүл гана.
Жүрөк сөзүн айтууга,
Тил жетишпейт бир гана.
Сөзү : Н.Сыдыковдуку
Обону : К.Букалаевдики
Ысык-Көлдү таң сүргөндө карасаң,
Уйкусунан жаңы ойгонуп жаткандай.
Жаратылыш сулуулугун өзүнө,
Камырадай бүтүн ээлеп алгандай.
Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң,
Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай.
Көл бетине күн нурлары чачырап,
Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай.
Ысык-Көлдү күүгүм ченде карасаң,
Толкундары тоону көздөй шашкансыйт.
Ошол жерде комуз алып бир жигит,
Токтогулдун “Миң кыялын” чалгансыйт.
Ысык-Көлдү түн ичинде карасаң,
Көшүлүп бир таттуу уйкуга баткансыйт.
Жада калса асмандагы ай дагы,
Көл уйкусун түн күзөтүп жаткансыйт.
Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң,
Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай.
Көл бетине күн нурлары чачырап,
Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай.
Сөзү : С.Керекечованыкы
Обону : А.Абдуллаевдики
Колумду кармап, сөзүңдү айтып,
Сүйүүңдү арнап, ырыңды жаздың.
Жылмайып карап сезим жандырдың,
Бирок, мен сага ишене албадым.
Кайырма:
Мени караба, мени кармаба,
Суурулуп учкан сүйүүмдү аярла,
Сүйүүмдү менин алдаба!
Убакыт учат ташкындап жашоо,
Сезимдер өтөт биз менен кошо.
Кыялым кайра кылчайып карайт,
Суудай туптунук сезимди самайт.
Кайырма:
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Агын суу турса чалчыктап,
Ак шумкар келип кончу эмес.
Аз айланып мен жүрөм,
Анчалык катуу болчу эмес.
Көк суу турса чалчыктап,
Көк шумкар келип кончу эмес.
Көп айланып мен жүрөм,
Көп эле катуу болчу эмес.
Көзүң бир бышкан алчадай,
Көргөндө жүрөк чарчады ай.
Көңүлүң болсо айтсаңчы,
Өйдө-төмөн калчабай.
Түн ичинде уйкум жок,
Күндүз бир койчу тынчым жок.
Карымын дейсиң жаш туруп,
Кандай жансың курчуң жок.
Тайкы ойлоп, сараң болушпай,
Таң да салкын жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Кайырма:
Жакын жүрөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз, жаштыгыбыз өтөр кош айтып,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү,
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Кайырма:
Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.
Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.
Шылдыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.
Кайырма:
Ыйыктыгың сенин билемин,
Дайым таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.
Кайырма:
Обону : К.Артыковдуку
Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган.
Жыргалга бөлөп сезимди,
Yнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.
Кайырма:
Ээ-эй, көбүртүп булак толкунун,
Оо-ой, акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой күү курап.
Акырын сылап чачымдан,
Ардагым десең эркелеп.
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келатсам,
Алдымдан чыксаң энтелеп.
Кайырма:
Ээ-эй, кызарса булут сүрүлүп,
Оо-ой, кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек,
Кымыздык терсек жүгүрүп.
Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрөк эргитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.
Кайырма:
Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой, арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Алдады мени ак сүйүүм,
Алмашты менин сүйгөнүм.
Тахмина сулуу бузбаган,
Тазасы барбы сүйүүнүн?
Кайырма:
Тазасы барбы?
Жалганы барбы?
Жазганым барбы?
Кайгысын эстеп ал күндүн,
Чече албай сыздайм түйүнүн.
Бегимай сулуу бузбаган,
Бекеми барбы сүйүүнүн?
Кайырма:
Бекеми барбы?
Жалганы барбы?
Жазганым барбы?
Булактай элең сен анда,
Булгандың эми сузарда.
Жеңил ой бийлеп өзүңдү,
Жеңилдиң беле кумарга?
Кайырма:
Жеңилдиң беле?
Кейисең деле,
Кечирбейт белем?
Бир гана тамчысындай булагымдын,
Бир гана шыңгырындай жылаажындын.
Сагындым мөлтүрөгөн махабатты,
Сагындым жылмайганын ынагымдын.
Бир гана уучтамындай турпагымдын,
Бир гана жыттамындай гүлзарымдын.
Сагындым асыл заттын жан турпатын,
Сагындым, сагынычка мен багындым.
Сагынуу карегимди жарып кетти,
Сагынуу бүт уйкумду алып кетти.
Сагынуу сар жоргосун токуп берип,
Нөшөрлөп жаш өмүрүм агып кетти.
Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт,
Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт.
Энеден эрте калган жаш улактай,
Элеңдеп, эрмен терип какшап жүрөт.
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Эне тилсиз эр болбойт,
Эр сүйбөгөн жер болбойт.
Эне тилин билбеген,
Эч нерседен тең болбойт.
Элин-жерин сыйлаган,
Эч нерседен кем болбойт.
Кайырма:
Дилим, дитим кыргызым,
Кыргыз – күйгөн жылдызым.
Дүңгүрөткөн Дүйнөнү,
Эне тилин туу кылган,
Кыргыз уулу Чыңгызы.
Өскүн-өнгүн, элим-жерим,
Менин кыргызым, кыргызым ай,
Жылдызым...
Ар улуттун ар дайым,
Эне тили апасы.
Эне тилде берилет,
Ар бир элдин батасы.
Эне тилин билбеске,
Элдин тийсин жазасы.
Кайырма:
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы...
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Токтолуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Чакмактай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.
Кайгырып шашылбадым,
Кайрыл деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Кайрылып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.
Кармалып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Жылдыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Кылчактап шашылбадым,
Кыйкырып чакырбадың.
Кыргыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Сөзү : Т.Имашевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкундаткан жүрөк оту жыргалым.
Бишкегиме күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.
Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты бульварым.
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң жаш шаарым.
Сергектентип кары - жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.
Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө,
Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө.
Жаңырыгы жеткен беле арманымдын,
Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө?
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө.
Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга,
Алым жетпей мен өзүңдү унутарга.
Издеп сени таппай келем, түн бир оокум,
Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай.
Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды,
Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды.
Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң,
Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Окшоштуруп унутулгус элестерге.
Сөзү : Муса Жангазиевдики
Обону : Эрнест Абдыжапаровдуку
Жаңы бышкан нандын жыты,
Күндүн жайкы ысыгы.
Нан көп болсо үйдүн куту,
Эки беттин кызылы.
Жаңы бышкан нандын даамы,
Жалпы дыйкан эмгеги.
Бүткүл элдин жүрөк каны,
Кен байлыгы жердеги.
Жаңы бышкан нандын жыты,
Жазган ыры акындын.
Көзгө сүйкүм тынчтык кушу,
Күч-кубаты баатырдын.
Жаңы бышкан нандын даамы,
Ата-Журттун дымагы.
Ошондуктан элдин нугу,
Эзелтеден тынбады.
Сөзү : Ж. Рысбаевдики
Обону : А. Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо гүл бакча,
Калаалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Асманда учсун куш болуп,
Ак тилегиң, жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Ырыс алды - ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ак булуттай себилген,
Кар болгула, жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула, жар-жар.
Сөзү : Н.Алымовдуку
Обону : С.Бактыгуловдуку
Сен дегенде сен дегеним сен деген,
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн
Сен дегенде секетим деп ичимден,
Сезимдердин бүтпөгөнү бүтпөгөн.
Сени ойлосом ойлогонум ойлогон,
Сени ойлобой койбогонум койбогон
Сен дегенде жарк дей түшөт кабагым,
Сезимдердин тойбогону тойбогон.
Көңүл сен деп түтпөгөнү түтпөгөн,
Көп санаанын бүтпөгөнү бүтпөгөн.
Сенден калган күн курусун, курусун,
Сезимдерден ким өчүрөт күч менен.
Сен дегенде кыялдарым кыялдай,
Кыйналамын кыялдарды тыя албай.
Сенден мага жалгыз гана сөз керек,
"Сендикмин!" деп шыбырап кой уялбай.
|