|
Сөзү : Ж. Сыдыковдуку
Обону : Элдики
Бериңиз деп ыйлап,
Пенсияңызды жыйнап,
Мен Бишкекке келип алдым апа.
Кайда барып жатам?
Кимдикине батам?
Кандай кылам билбей калдым апа.
Борбор аянттагы,
Солдаттардын жаны,
Күүгүм кирип көз байланды апа.
Айылдагы үйүм,
Болсочу деп бүгүн,
Эки көзүм төрткө айланды апа.
Милициялар келди,
Мага жардам берди,
Прописка жок алып кетти апа.
Тыгылышып баткан,
Бекер эле жаткан,
Ал күндөрүм алыс кетти апа.
Азыр болсо эми,
Тааныш кыйын мени,
Кайда барсам конуп калдым апа.
Вечерлерде бийлеп,
Орусчалап сүйлөп,
Шаардык жигит болуп калдым апа.
Түшүнөсүз бизди,
Сагынганда сизди,
Маяк берсем чалып койчу апа.
Сүйлөшөлү кенен,
Кайра кийин берем,
Единица салып койчу апа.
Батирлерде турам,
Көчүп-конуп улам,
Бабаларым көчмөн болгон апа.
Бишкекке үй курсам,
Пропискага турсам,
Анан болду көчпөй коём апа.
Кыргызым деп күйөм,
Кыргызстанды сүйөм,
Шок балаңды баалап алчы апа.
Жашырынып элден,
Санаа тартып менден,
Шок-Фактыдан карабачы апа.
Таба албасаң тыйын,
Шаарда жашоо кыйын,
Айылымды сагынамын апа.
Үч тамгадан турган,
Сизге жаным курман,
Карааныңдан кагылайын апа.
Айылыма салам,
Отвечаю барам,
Прописканы кайдан алам апа?
Каалабаймын кейиш,
Таманыңыз бейиш,
Сиздей затты кайдан табам апа?
Эмгегиңди актап,
Мекенимди сактап,
Эл-журтумдан алайынчы бата.
Сөзү : Игорь Черниковдуку
Обону : Игорь Черниковдуку
На свете много больших городов,
Слепящих светом заманчивых снов.
Но лишь один мне так дорог - любимый город,
Где я родился и рос.
В объятиях гор и стремительных рек,
Как песню город сложил человек.
И мне одно остается, пока сердце бьется,
Беречь и любить мой Бишкек.
Кайырма:
Мой город Бишкек - зеленых улиц прохлада,
Таинственный рай и мне другого не надо.
Улыбки друзей как горный ручей,
Блестят на солнце в отражении лучей.
Мой город родной, удачи и не удачи,
С тобой разделю,
Клянусь я! А это всё значит –
Любовь сохраню в своём сердце на век,
К тебе мой Бишкек.
Во имя верных, своих мудрецов,
Хранят заветные тайны отцов.
Ты вечно будешь мой город красив и молод,
В сердце рожденных юнцов.
Салам Аллейкум, кош келиңиздер!
Здесь каждый в дом распахнет свою дверь.
Гостей и друга встречая, напоит чаем,
Этим славен мой город поверь.
Кайырма:
Над вечерним городом моим,
Проплывают тени вечеров.
Как прекрасен ты в такие дни,
На вечерний Фрунзе посмотри.
Посмотри, увидишь всю красу,
Чем объять счастливый город наш?
Как милы творения твои,
Мать природа, двери отвори.
Кайырма:
Фрунзе – красивый город наш,
Фрунзе, цвети и радуй глаз.
Фрунзе, я тебя люблю, живи…
Как прекрасен наш родимый край,
Где родились братья и отцы.
Где всю жизнь проживешь и ты,
Проживут и правнуки твои.
Все же прекрасна жизнь твоя,
Много света, счастья и тепла.
Ты несешь не только одному,
И за это тебя я люблю!
Кайырма:
Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : М.Ниязовдуку
Уксаңчы жүрөгүмдүн кагышын сен,
Өзүң деп согуп турат.
Тыңшачы жан дүйнөмдүн дабышын сен,
Атыңды кайталайт.
Сүйүүгө ашыгың да шашпаса,
Купуя сактаса.
Сага деген махабатым таптаза,
Берилбейт башкага.
Кайырма:
Сүйөм деп айта албайм, тартынам,
Жетсем деп жалгыз сага талпынам.
Узатып көпкө тиктейм артыңдан,
Бакытым болчу менин балкыган.
Мен ак сүйүүмдү айта албай,
Сенден тартынам.
Жаныңдан мен кайта албай,
Сага байланам...
Капилет тагдырыма табылдың сен,
Ак таңдай жаңы аткан.
Ардагым махабатка кабылдым мен,
Жүрөк жаралаткан.
Катылуу сезимдерди айтпаса,
Купуя сактаса.
Сага деген махабатым таптаза,
Берилбейт башкага.
Кайырма:
Сөзү : Г. Момунованыкы
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Сагынып сен келгенде, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жалт карай албасам да жамалыңды,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Сени ойлоп отурганда ой да терең,
Телефон “шыңгыр” этсе жүрөк эзген.
Алтыным, сен экен деп ала койсом,
Аттиң ай, ал адашкан адам экен.
Башка экен, бөлөк экен,
Аттиң ай, ал адашкан адам экен.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем...
Сөзү : Б. Чотурованыкы
Обону : С. Бейшекеевдики
Сааттарды саначу элек,
Сабактан биз тарачу элек.
Эртеңки күн кызыктырып,
Эңсөө менен карачу элек.
Ак тилектүү балдар элек,
Ар кесипти тандаар элек.
Чоң турмушка кадам таштап,
Чоң кишиче карар элек.
Алды жакка шашылганбыз,
Ак гүлдөрдөй ачылганбыз.
Тагдыр берген жолдор менен,
Жылдыз болуп чачылганбыз.
Ушунчалык мезгил батпы,
Жыйырма жыл кантип акты?
Келдик мына классташтар,
Жолугуубуз кандай жакшы.
Келечекте максат көздөп,
Кеткен күндү бүгүн эстеп.
Бирге келсек сүйүнгөнсүйт,
Биз окуган эски мектеп.
Өз мыйзамын бекем тутуп,
Өмүр ченем безет кызып.
Коштошолу көрүшкөнчө,
Колубузду бекем кысып.
Ушул күндү кайра келсек,
Унутпайбыз такыр, эстеп.
Аман болсун эже-агайлар,
Аман болсун биздин мектеп.
Аман болсун классташтар,
Аман болсун биздин мектеп.
Бар бол дайым биздин мектеп,
Биз окуган куттуу мектеп,
Бизди күткөн эски мектеп.
Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш, жери биздин мекен.
Ак пейил, ар-намыстуу элибизди,
Ала-Тоо - алтын бешик алдейлеген.
Элибиз эң байыркы улуу элден,
Эркиндик асабасын желбиреткен.
Эр Манас баатыр баштап далай эрлер,
Эзелтен Ата Журтту сактап келген.
Кайырма:
Кыргызстаным - менин мекеним,
Кыргызстаным - сенин мекениң!
Кыргызстаным, өркүндөй бергин!
Кыргызстан деп жашап келемин!
Эл-журтка дем-күч берген Ата-Мекен,
Эң сулуу, кайталангыс, коюну кенен.
Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен,
Жалал-Абад, Таластай жер бар бекен?
Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш жери - биздин мекен.
Ар дайым кыргыз жерин коргош - милдет,
Ак пейил кыргыз эли атка бекем.
Кайырма:
Сөзү : Айбек Карымовдуку
Обону : Айбек Карымовдуку
Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.
Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.
Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Кызына калып ападан,
Иниге калып агадан.
Ыр деген ыйык бул өмүр,
Калыптыр Ата-бабадан.
Ырлардын учу сахнада,
Ырлардын күчү сахнада.
Ыроолойт аруу жакшылык,
Ырыскы түбү сахнада.
Жүргөнсүйт ырлар кемеси,
Ырысбай, Чубак элеси.
Жаңырып төрдө тургансыйт,
Токтогулдун кербези.
Сахна, сахна, сахна,
Жан дүйнөбүз сахна,
Сүйүүбүз да сахна.
Бешенеге бүткөн,
Үйүбүз да сахна.
Арзуубуз да сахна,
Арманыбыз сахна.
Ыйык биздин,
Ырыс сахна.
Курбу, дос тыңшап көңүлдүү,
Сахнанын сыйкыр күчү ушул.
Ырларын окуп тургансыйт,
Акындар Аалы, Алыкул.
Биригишип эгиз эки ак-куу,
Чолпонбек менен Айсулуу.
Айтышып төрдө жаткансыйт,
Жеңижок, Барпы айтылуу.
Серпишип мыскал үпүсү,
Соргонсуйт ырдын бүтүшү.
Сооротуп кейип тургансыйт,
Сүймөнкул, Таттыбүбүсү.
Сөзү : Б.Сарногоевдики
Обону : Н.Давлесовдуку
Кошулам өмүр сүрүшкө,
Көз артам шаардык жигитке..
Сыныма толду сырт жагы,
Сыр жагы шашам билишке.
Лай-ла-ла-ла...
Сырт жагын шашам билишке.
Колумдан кармайт кой десем,
Мен үчүн кандай ойдо экен.
Мүнөзү сылык жайдары,
Билими канча болду экен.
Лай-ла-ла-ла...
Билими канча болду экен.
Ар дайым оюм бийикте,
Ашыкмын шаардык жигике.
Ар күнү көрүп жүрсөм да,
Ашыгам сырын билишке
Лай-ла-ла-ла...
Ашыгам сырын билишке.
Сезимде ой калат,
Кылыгың татты экен.
Өзүңдөй адамды,
Кандай жан тапты экен?
Сендеги сымбатты,
Аймалап күн батты.
Сени эңсеп, ардагым,
Жүрөгүм үн катты.
Кайырма:
Жол боюна караймын,
Өткөн күндү санаймын.
Сагындым мен, ардагым,
Жалгыз сени каалаймын.
Сени издеп чарчадым,
Деңиздей ташыгып.
Сен болдуң арманым,
Аялуу асылым.
Көңүлүм тынч албай,
Жанымды кыйнадың.
Сүйүүнү үйрөндүм,
Бир өзүң аркылуу.
Кайырма:
Жазалбай жүрөмүн,
Кыйналган жанымды.
Муңканган жүрөгүм,
Мас болуп өзүңө.
Жел согот сен жактан,
Сүйүүнүн жалыны.
Сезилет сен өзүңдөн,
Сагыныч амалы.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Чапкын атты, чабарман,
Чакыргыла, кабар бергиле.
Бүгүн бизде шерине,
Келгин, тууган, достор, келгиле.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.
Капалыгың алыс качар,
Кубандырып көңүл ачар,
Биздин шерине.
Күнү тынбай ырдашабыз,
Таң атыра сырдашабыз,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан жакты сагындым.
Түгөнбөс ырдын түйүнүн,
Түбүндө алма кайыңдын.
Кайырма
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызы көккө тарады,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Сөзү : Жыргал Жусупова
Обону : Эрлан Андашев
Сыйкырлап бүт сезимди
Каректериң көлбү же кең деңизби
Эңсеген кыялымдагы
Махабатым сен мага эми келдиңби
Сыйкырдуу көз карашың
Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын
Арбалып баратам мен
Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен
Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүңдү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем
Аярлуу гүл дүйнөмдүн
Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм
Гүл ачып жан дүйнөмдө
Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн
Байырлап жүрөгүмдү
Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү
Бир согуп жүрөгүбүз
Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүңдү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем
Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем
Сөзү : Айбек Карымов
Обону : Айбек Карымов
Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.
Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.
Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
Сөзү : Кубаныч Кожонберди уулунуку
Обону : Сагынычтыкы
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Мына кайра көрүнбөстөн ай нурлары,
Алигиче кечки туман каптадыбы?
Көрүп турам жалгыздыктын ары жагын,
Жалган дүйнө мага жазган азаптарын.
Кайырма:
Кечки туман, кечки туман,
Махабаттын баары жалган.
Кечки туман, кечки туман,
Калтырдың го жүрөгүмдө жалаң арман.
Эске түшсө өткөн күндөгү махабат,
Жүрөк ооруйт, сыздайт катуу, ал кагылат.
Кечирип кой мени, жаным, эй ардагым,
Билем бир күн башка сага жолугарын.
Кайырма:
Өткөн күндөрдүн сулуулугун сагынам,
Тартуулаган мага сүйүүнү сен жактан.
Мына эми мен өкүнөм, мен кайгырам,
Жаман экен жакын адамдан айрылган.
Жаштардын шаары – Жалал-Абад,
Күн өткөн сайын жашарат.
Түгөнбөй ырдай берүүчү,
Ырларым сага арналат.
Жалал-Абад – менин күнүм,
Жалал-Абад – сенин күнүң.
Келсең, курбум көрөсүң,
Жалал-Абад шаарын бүгүн,
Мына бүгүн.
Кечинде деле Жалал-Абад,
Көркөмү сонун кулпурат.
Жагымдуу ырлар ырдашып,
Кыз-жигит бирге үн салат.
Кайырма:
Жашарат шаарым жыл менен,
Бүтө албайм мактап ыр менен.
Бул шаардын сулуу кыздары,
Ачылган кызыл гүлгө тең.
Кайырма:
|