super.kg logo

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ата-Бейиттеги" мемориалынын урап жатканы коомчулукту кабатырлантууда

 

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалынын абалы коомчулукту кабатырлантууда. SUPER.KG порталына кайрылган окурмандар мемориалды көзөмөлгө алган тиешелүү мекемелерден жооп алып беришибизди өтүнүштү. 

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө куран окутуу үчүн барып, жагымсыз жагдайга туш болгондордун бири: “Биз "Ата-Бейитке" барганыбызда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин чатырынын алды толугу менен урап түшүп калыптыр. Дем алыш күн болгондуктанбы, баары чачылып жаткан экен. Аны көрүп аябай капаландык. Кантсе да ал ыйык жер, кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан залкар адамдын эстелиги да. Анын үстүнө ал жерде башка жактан келген жарандар да жүрүштү. Алар да урап жаткан топурактарды сүрөткө тартып жатышты”,- деп кейиди.

Маалыматка ылайык, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган мемориал былтыр 14-ноябрда расмий түрдө ачылган. “Ата-Бейит” комплексинин директорунун айтымында, ал убакыттан бери мемориал 3 жолу урап түшкөн. Аны курган куруучулар келип, оңдоп-түзөп кетишкен. Бирок ал үстүнө кар түшүп, суу аккандыктан, кайрадан эле урап калууда.

Бул жагдай тууралуу жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова  мемориалдын курулуш иштери кыска мөөнөттүн аралыгында бүткөрүлгөнүн айтып, курулуш иштеринин акыркы этаптарында анын чатыры жасалганын кошумчалады. Аны курууда айрым бөлүктөрү жакшы пландалбай калгандыктан улам чатырга түшкөн суу сыртка акпай, чатырдын астына түшүүдө.  

“Ата-Бейиттеги” Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган мемориалынын чатырынын алды урап баштаганда биз аны курган жарандарга кайрылганбыз. Алар келип, аны көрүп, оңдоп-түзөөгө аракеттенишкен. Бирок ал натыйжасыз болду. Мемориалдын ачылганына 1 жыл айлана элек, бирок анын үстүнөн аккан суу аны кайрадан уратууда. Азыр кыш болгондуктан, күн жылыган сайын кар эрип, жамгыр жаап, ал толук оңдолуп бүтө элек. Алгач ал шаардык мэриянын карамагына өткөн, кийин Улуттук гвардиянын карамагына өтүп кетти. Чыңгыз Айтматовдун мемориалынын курулушунун 95 пайызы Аскардын өзүнүн каражатына аткарылган. Кийин мемориалдын чатырын бүтүрүүгө каражат жетпей калып, ал дагы 100 миң сом насыя алган. Президент да өз каражатынан бөлүп берген болчу”,- деди.

Ал эми бул долбоорду башынан аягына чейин курдуруп, өзүнүн зор эмгегин жумшаган Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: 

"Атамдын элесине арналган эстеликтин чатырынын үстүнөн суу агып, ушундай жагымсыз нерселер болууда. Учурда ал жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Буюрса, жакынкы убакыт аралыгында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги музейди реконструкциялоо иштери жүргүзүлмөкчү. Андан сырткары ал жакка мечит куруу пландалууда, ошондой эле даараткана курулмакчы. Себеби ал жакта бүгүнкү күндө даараткана жок. Алгач “Ата-Бейитке” 2 же 3 кабаттуу комплекс куруу пландалган. Бирок жер жумшак болгондуктан, ал ишке ашпай калды. Француздардын “Пантеону”, америкалыктардын “Арлингтону” бар, ал эми “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси кыргыздын ыйык жери болушу керек. Ага жараша татыктуу кам да көрүлүшү керек эле. Мен эч кимге доомат койгум келбейт, эч кимден жардам да күтпөйм".

Ал аталган жай кайсы мекемеге караса да, ага мамлекеттик деңгээлде кам көрүлүшү керектигин белгилеп өттү. “Бул мемориалдын чатырынын урашы менин катачылыгым, демек, ал менин жеке көйгөйүм. Аны жакынкы убакыт аралыгында оңдоого бардык күчтөр жумшалмакчы”,- деди А.Айтматов.   

Улуттук гвардиянын басма сөз бөлүмүнүн улук офицери Толкунбек Раимжанов: “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси Улуттук гвардиянын карамагында. Бирок сиз атаган Чыңгыз Айтматовдун мемориалы расмий түрдө бизге өткөрүлүп бериле элек. Ал бизге өткөрүлүп берилген күндөн тарта биздин кызматкерлер аны сактоого жана кайтарууга жоопкерчиликтүү болушат”,- деп билдирди. 






Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнүн айрым жерлери урап калган

Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
23.02.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акырына чейин корбодум и коргум да келбеди. Кичинекей ата бейитти заман бап зынкыйтып кура албаган куруучуларга рахмат. Ойлоп калдым кичинекей ата бейитти зынкыйтып кура албагандан кийин бишкекте салынып жаткан коп кабатту уйлордон тунулуш керек экен.
23.02.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол курулушту курган фирма дагы тааныш билиш болуп кеткен да , бизде курулуш бутконго чейин кочпой турса болду андан кийин эч ким жооп бербейт. Ошол дунуйого таанымал инсанды , биз барктабай, конул бурбасак башка олкодон, келгендер Чынгыз кыргыз эмес окшойт деп кетиши мумкун.
23.02.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул емне деген нерсе
SUPER.KG видео
23.02.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээхх эн окунучттууууу
SUPER.KG видео
23.02.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча кафельге колдонулган клей арзаааан баадагы кытайдыкы окшойт. Ак ийилет... кыйышыйып калыптыр го.
SUPER.KG видео
23.02.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурзону жаныртканга болбойт тазалаганга болбойт
23.02.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанагы жашоо бир келет деген кинодогуга окшоп, ептеп арзан плиткаларды чаптап койгула деген окшойт куруп жатканда
23.02.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОЗУ олгон адамдыда тынч жаткызбай тонналаган фундамент куйушуптур ошол Эми Чынгыз Айтматовго жардам берсе бит жон эле
23.02.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш аламан, эптеп-септемей, баш коргонду коз корбогон тартип жок, сапатті козомолдобой айтоор бутсо болду деп чаптамай замандін жемиши да. Бул монументтин эскизсин-моделин жазап чийип жатканда ар бир деталіна чейин ойлонулбагані корунуп турат. Кар жаайт, жамгір болгондо ушундай урап каліп шерменде болбойлу дешкен эмес. Эми деле кеч эмес кітайдін арзан материалін аліп таштап ресейдин материалі менен зінкійтіп жазап койсо болот...
:)
23.02.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
OTYPBARATYPELEEE,типа казахский да.
24.02.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым билет балким кыйналып жаткандыр,мархум Ч.А.балким бир себеби бардыр куулап жатканын бир белгида булда болсо!
SUPER.KG видео
24.02.2015. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурзону канча жасалгаласан да ошол 2 метр жерде жатасын байсынбы кембагалсынбы, елге дуйного таанымал адамсынбы барибир биз Аллах учун бирдейбиз. Баарыбыз ошол 2 метр кордо жатабыз ж.а кыямат кайымга чейин кабырда сурака алынабыз кылган иштерибиз учун жооп беребиз.
24.02.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ledi89. Туура айтасын Кудайга жакпайт да кааласа 1 секун.а жок кылып таш талканын чыгарып салат Аллахым. Айтарым Кудайдын алдында баарыбыз бирдейбиз
24.02.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мурзо кырк жылдын ичинде соок менен кошулуп кулап жок болуп кетиш керек экен бул 40жыл мес 4000жылда да жок болбойтго. и мурзого сурот койсо болбойт дейт жанын кыйнап атанардын эмне кыласынар куранды окуп корустонду шаарга айлантбай мусулманча кылсанар ошол жардам берет занкайтып атанарга пайдасы жок нерсени салгыча ошол акчага курбандык ифарлик жон эле уйдо кой союп атанарга атап тулоо откоруп куран окуп тургула андан башка эч нерсе жардам бербейт.
24.02.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Залкар жазуучу эл адамы,Аллахым куноолорун кечирсин,эстелик курууга ислам дини жол бербейт жадагалса айланасын да тоспош керек экен,андан коро момо бербей турган тал-терек отургузуп койсо чон сооп болот экен,бул да Аллахтын керемети мн го чиркин!!!
24.02.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журок ооруйт
SUPER.KG видео
24.02.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куручуларга тендерден утуп кургандарга Алла ырызы болсун
SUPER.KG видео
25.02.2015. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыздатпагылачы минтип адамды! Чынгыз бизде бироо эле болчу! Алтындан кумбоз орнотсок да аз болот.
Бул бейитти аткаминерлердин караганга убакыты аз ондуу
SUPER.KG видео
26.02.2015. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз дегенде Кыргыз .Кыргыз дегенде Чынгыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: